Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНЫН ЖАНА СУЗАК РАЙОНУНУН КОМЕНДАНТЫНЫН «Кошумча блокпостту коюу жөнүндө» БУЙРУГУ
ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУНУН ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНЫН ЖАНА СУЗАК РАЙОНУНУН КОМЕНДАНТУРАСЫНЫН БУЙРУГУ
2020-жылдын 8-апрели № 28 Кошумча блокпостту коюу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 24-мартындагы "Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун аймактарында өзгөчө абалды киргизүү жөнүндө" ПЖ № 57 Жарлыгын аткаруу жана коронавирус инфекциясынын Жалал-Абад облусунун аймагында жана андан сырткары жайылышынын алдын алуу максатында орнотулган блокпосттордо тиешелүү кызматтардын жеткиликтүү деңгээлде иш алып баруусун камсыз кылуу, өзгөчө абал кирген аймактарда адамдардын жана автоунаалардын кыймылына чектөө киргизүү боюнча иш-чараларды күчөтүү үчүн, БУЙРУК КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын куралдуу күчтөрүнүн Генералдык штабынын башкы оперативдик башкармалыгынын оперативдик башкармалыгынын башчысы - Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун комендантынын орун басары полковник А.Т. Кожошовго:
- Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун аймагында жайгашкан блокпосттордун күчөтүлүүсүн жана кошумча “Жалгыз-Жаңгак” блокпостунун Сузак районунун Жалгыз-Жаңгак айылына түштүк жагы менен кирүүчү жолго коюлуусун көзөмөлгө алсын.
2. № 52870 аскер бөлүгүнүн командирине:
- Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун аймагында жайгашкан блокпостту күчөтүүгө жана кошумча № 15 “Жалгыз-Жаңгак” блокпостун коюуга 8 аскер кызматкери жана 1 даана аскер унаасы аскер бөлүктөн түшүрүлсүн;
- № 15 “Жалгыз-Жаңгак” блокпостуна кызмат өтөөгө тартылуучу кызматкерлердин тизмеси аныкталып, блокпостторго жооптуу кызматкерлер тиешелүү буйрук менен бекитилсин;
- Блокпостто кызмат кылуучу аскер кызматкерлерине өмүр коопсуздук чаралары кол коюу менен жеткирилип жана блокпостто кызмат өтөө боюнча кошумча сабактар өткөрүлсүн;
- өздүк курамдын тамактануусун өз убактысына уюштуруу үчүн тамак жасоочу жабдыктар менен камсыздалсын;
- өздүк курамдын нөөмөт өтөө учурунда кезек менен эс алуусу жана сергек кызмат өтөөсү үчүн 1 даана чатыр алып келинсин.
3. Жалал-Абад облусунун Үй бүлөлүк дарыгерлер борборунун директору - Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун комендантынын орун басары Н.А.Эрматовго:
- Кошумча коюлган № 15 “Жалгыз-Жаңгак” блокпостун 2 медицина кызматкерин тиешелүү медициналык жабдыктары менен камсыз кылсын;
4. Кыргыз Республикасынын ӨКМдин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын начальниги полковник Н.Закировго:
- Кошумча коюлган № 15 “Жалгыз-Жаңгак” блокпостун Кыргыз Республикасынын ӨКМдин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын 4 кызматкерин тиешелүү жабдыктары менен камсыз кылсын;
5. Жалал-Абад облусунун ИИБнин начальниги милициянын полковниги К.Н.Жолдошовго:
- Кошумча коюлган № 15 “Жалгыз-Жаңгак” блокпостун жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу кызматынын 1 кызматкери менен камсыз кылсын;
6. Аталган буйруктун аткарылышы боюнча жоопкерчилик жана көзөмөл Кыргыз Республикасынын куралдуу күчтөрүнүн Генералдык штабынын башкы оперативдик башкармалыгынын оперативдик башкармалыгынын башчысы - Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун комендантынын орун басары полковник А.Т. Кожошовго жүктөлсүн.
7. Буйрук тиешелүүлүгү боюнча жарыялансын.
Комендант
Ж. Джоробеков
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 0 · цитируется в 0 · связанные 1
Связанные документы (1)
По данным источника (cbd.minjust.gov.kg), без указания, кто на кого ссылается.