# ОШ ШААРЫНЫН, ОШ ОБЛУСУНУН НООКАТ ЖАНА КАРА-СУУ РАЙОНДОРУНУН КОМЕНДАНТЫНЫН 2020-жылдын 31-мартындагы № 9 б "Укук коpгo органдарынын, күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери тарабынан өзгөчө абал режиминин талаптарын так сактоосун камсыз кылууга багытталган чаралар жөнүндө" БУЙРУГУ (БУЮРМА)

- Полное наименование: ОШ ШААРЫНЫН, ОШ ОБЛУСУНУН НООКАТ ЖАНА КАРА-СУУ РАЙОНДОРУНУН КОМЕНДАНТЫНЫН 2020-жылдын 31-мартындагы № 9 б "Укук коpгo органдарынын, күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери тарабынан өзгөчө абал режиминин талаптарын так сактоосун камсыз кылууга багытталган чаралар жөнүндө" БУЙРУГУ (БУЮРМА)
- Вид акта: Приказ
- Номер: 9
- Дата принятия: 31.03.2020
- Статус: Действует
- Редакция от: 31.03.2020
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/200463>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/52-851/edition/1135933/ru>

> Текст приведён по редакции от 31.03.2020 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: ОШ ШААРЫНЫН, ОШ ОБЛУСУНУН НООКАТ ЖАНА КАРА-СУУ РАЙОНДОРУНУН КОМЕНДАНТЫНЫН 2020-жылдын 31-мартындагы № 9 б "Укук коpгo органдарынын, күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери тарабынан өзгөчө абал режиминин талаптарын так сактоосун камсыз кылууга багытталган чаралар жөнүндө" БУЙРУГУ (БУЮРМА) (ред. от 31.03.2020) - https://aqlex.ai/kg/doc/200463

---

ОШ ШААРЫНЫН, ОШ ОБЛУСУНУН НООКАТ ЖАНА КАРА-СУУ РАЙОНДОРУНУН КОМӨНДАНТУРАСЫНЫН БУЙРУГУ

2020-жылдын 31-марты № 9 б Укук коpгo органдарынын, күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери тарабынан өзгөчө абал режиминин талаптарын так сактоосун камсыз кылууга багытталган чаралар жөнүндө Коронавирус инфекциясынын таралышын алдын алуу, өзгөчө абал жана коменданттык саат режимин толук кандуу камсыз кылуу максатында токтоосуз түрдө төмөндөгү көрсөтөелөрдү аткарууну БУЙРУК КЫЛАМ:

1. Коменданттын орун басарлары Кыргыз Республикасынын Генералдык Штабынын Ош гарнизонунда жайгашкан 8-гвардиялык мотоаткычтар дивизиясыиын командири (Исаков У.С), Коменданттын Ош шаары боюнча (Боронов М.С.), Кара-Суу району боюнча (Акиаров О.А.), Ноокат району боюнча (Рахманов К.Т.) орун басарларына:

1.1. Өзгөчө абал киргизилген аймактарда, анын ичинде санитардык-карантиндик посттордо, комендантгык саат учурунда ички иштер органдарынын, укук коргоо органдарынын, күч түзүмдөрүнүн жана башка бийлик органдарынын кызматкерлеринин атайын өткөрмө уруксат кагазы жок автоунаалар менен жүрүүсүнө бөгөт коюлсун жана ар бир ушундай учур боюнча Ош шаарынын, Ош облусунун Ноокат жана Кара-Суу райондору боюнча Комендантына билдирилсин.

2. Ош ОИИБдин ККК начальнигинин орун басарына (Шералиев СТ.):

2.1. Ички иштер органдарынын, укук коргоо органдарынын, күч түзүмдөрүнүн жана башка бийлик органдарынын кызматкерлеринин коменданттык саат тартибин бузган атуулдарга чара көрүү үчүн коменданттык кайгуул топторду түзүп, иш-чараларды уюштуруу милдеттендирилсин.

3. Ош шаардык ИИ Б (Боронов М.С.), Ош ОИИБдин начальнигинин орун басарларына жана бөлүм башчыларына, РИИБ начальниктерине, Кыргыз Республикасынын ИИМдин республиканын түштүк аймагында жайгашкан түзүмдөрдүн жетекчилерине (АБП "Шумкар" №3 батальону Зикиров К.С, КМКнын аймактар аралык башкармалыгы Бекмуратов Б.З., Күзөт кызматы Мухамадиев И. Ж., БМЖККК Турусбеков И. К., Республикалык окуу борбору Акбаев Б.Ш., ИИМдин ИКАК №703 аскер бөлүгү Досбаев С.А.), укук коргоо органдарынын, күч түзүмдөрүнүн жетекчилерине:

3.1. Кол алдындагы өздүк курамдын тейлеген аймактардан сырткары чыгууга, күндүзгү мезгилде көчөлөрдө жөө жана менчик автоунааларда жүйөлүү себепсиз, ал эми коменданттык саат учурунда таптакыр жүрүүгө тыюу салынсын.

3.2. Кызматкерлер тарабынан өзгөчө абал жана коменданттык саат режимин бузган учурлар боюнча Кыргыз Республикасынын " Өзгөчө абал жөнүндөгү" Конституциялык Мыйзамынын 29-беренеси менен чара көрүлөт жана жоопкерчилик жетекчилерине жүктөлөт.

3.3. Өзгөчө абал учурунда киргизилген чектөөлөрдү сактоо менен өздүк курамды уюшулган тартипте, жумушка жеткирүү жана алып келүү автобустар, бустар, минивэндер менен уюштурулсун.

4. Буюрманын талаптарын токтоосуз жана кынтыксыз аткаруу тиешелүү жетекчилерге жүктөлөт.

5. Буюрманын аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.

Комендант милициянын полковниги

Нурдинов М.А.
