# ОШ ШААРЫНЫН, ОШ ОБЛУСУНУН НООКАТ ЖАНА КАРА-СУУ РАЙОНДОРУНУН КОМЕНДАНТЫНЫН 2020-жылдын 30-мартындагы № 8 б "Өзгөчө абал киргизилген Ош шаарынын, Ош облусунун Кара-Суу жана Ноокат райондорунун аймагында ар кандай кыйын абалга, медициналык жардамга туш болгон жарандарга жардам берүү үчүн мобилдик топторду түзүү жөнүндө" БУЙРУГУ (БУЮРМА)

- Полное наименование: ОШ ШААРЫНЫН, ОШ ОБЛУСУНУН НООКАТ ЖАНА КАРА-СУУ РАЙОНДОРУНУН КОМЕНДАНТЫНЫН 2020-жылдын 30-мартындагы № 8 б "Өзгөчө абал киргизилген Ош шаарынын, Ош облусунун Кара-Суу жана Ноокат райондорунун аймагында ар кандай кыйын абалга, медициналык жардамга туш болгон жарандарга жардам берүү үчүн мобилдик топторду түзүү жөнүндө" БУЙРУГУ (БУЮРМА)
- Вид акта: Приказ
- Номер: 8
- Дата принятия: 30.03.2020
- Статус: Действует
- Редакция от: 30.03.2020
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/200462>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/52-850/edition/1135931/ru>

> Текст приведён по редакции от 30.03.2020 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: ОШ ШААРЫНЫН, ОШ ОБЛУСУНУН НООКАТ ЖАНА КАРА-СУУ РАЙОНДОРУНУН КОМЕНДАНТЫНЫН 2020-жылдын 30-мартындагы № 8 б "Өзгөчө абал киргизилген Ош шаарынын, Ош облусунун Кара-Суу жана Ноокат райондорунун аймагында ар кандай кыйын абалга, медициналык жардамга туш болгон жарандарга жардам берүү үчүн мобилдик топторду түзүү жөнүндө" БУЙРУГУ (БУЮРМА) (ред. от 30.03.2020) - https://aqlex.ai/kg/doc/200462

---

ОШ ШААРЫНЫН, ОШ ОБЛУСУНУН НООКАТ ЖАНА КАРА-СУУ РАЙОНДОРУНУН КОМӨНДАНТУРАСЫНЫН БУЙРУГУ

2020-жылдын 30-марты № 8 б Өзгөчө абал киргизилген Ош шаарынын, Ош облусунун Кара-Суу жана Ноокат райондорунун аймагында ар кандай кыйын абалга, медициналык жардамга туш болгон жарандарга жардам берүү үчүн мобилдик топторду түзүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 24-мартындагы ПЖ № 56 Жарлыгы Ош облусунун, Ош шаарынын, Ноокат жана Кара-Суу райондорунун аймактарында өзгөчө абал жарыяланып, комендантши 25.03.2020-жылдагы № 5 буйругу менен аталган аймактарда саат 20:00ден саат 07:00ге чейин коменданттык саат киргизилип, жарандардын кээ бир укуктары жана эркиндиктери чектелген. Өзгөчө абал жана коменданттык саат киргизилген аймактарда жарандардын ар кандай кыйын абалдарга туш болушу мүмкүндүгүн эске алып, аларга жардам берүү максатында БУЙРУК КЫЛАМ:

1. Ош облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлерикен эки мобилдик топ түзүлсүн.

2. Биринчи мобилдик топ - Өзгөчө абал жана коменданттык саат киргизилген аймактарда ар кандай кыйын абалдарга туш болгон жарандарды автоунаа менен керектүү болгон жерлерге жеткирүү максатында мамлекеттик белгиси 02KG082ABU "Тойота камри" автоунасы менен төмөндөгүдөй курамда түзүлсүн:

- Ош ОИИБдин ЭММКАКтын начальнигинин орун басары милициянын майору Абдиев М.

- От ОИИБдин ЭММКАКтын ыйгарым укуктуу улук опер өкүлү милициянын ага лейтенанты Акбураев К.

- Ош ОИИБдин ЭММКАКтын ыйгарым: укуктуу опер өкүлү милициянын капитаны Аманкулов Р.

3. Экинчи мобилдик топ - медициналык жардамга муктаж болгон атуулдарга жардам көрсөтүү боюнча Ош ОИИБдин Ош шаары жана Ош облусу боюнча Медициналык кызматынын тез жардам көрсөтүүчү кызматтык автоунаасы менен төмөнкү курамда түзүлсүн:

- Ош ОИИБдин Ош шаары жана Ош облусу боюнча Медициналык кызматынын кызматкери Атамкулова Б.

- Ош ОИИБдин Ош шаары жана Ош облусу боюнча Медициналык кызматынын кызматкери Ашимбай кызы А.

- Ош ОИИБдин Ош шаары жана Ош облусу боюнча Медициналык кызматынын кызматкери Мамытов А.

- Ош ОИИБдин Ош шаары жана Ош облусу боюнча Медициналык кызматынын кызматкери Муртазиев А.

- Ош ОИИБдин Ош шаары жана Ош облусу боюнча Медициналык кызматынын кызматкери Карыбек уулу А.

4. Ош ОИИБдин КБГЧнын начальниги Т.Кожоевге: жогоруда аталган кызматкерлер тийиштүү жеке медициналдык коргонуу каражаттар менен камсыздалсын.

5. Буюрманын талаптарын аткаруу Ош ОИИБдин КККнын начальнигин орун басары милициянын подполковники С.Шералиевге, Ош ОИИБдин ЭММКАКтын начальниги милициянын полковниги Н. Кожобаевге жана Ош ОИИБдин Ош шаары жана Ош облусу боюнча Медициналык кызматынын начальниги ички кызматынын полковниги Н. Амираевге жүктөлсүн.

Комендант милициянын полковниги

Нурдинов М.А.
