# ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНЫН ЖАНА СУЗАК РАЙОНУНУН КОМЕНДАНТЫНЫН 2020-жылдын 31-мартындагы № 19 "Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарындагы жана Сузак районундагы блокпостторду күчөтүү жөнүндө" БУЙРУГУ

- Полное наименование: ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНЫН ЖАНА СУЗАК РАЙОНУНУН КОМЕНДАНТЫНЫН 2020-жылдын 31-мартындагы № 19 "Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарындагы жана Сузак районундагы блокпостторду күчөтүү жөнүндө" БУЙРУГУ
- Вид акта: Приказ
- Номер: 19
- Дата принятия: 31.03.2020
- Статус: Действует
- Редакция от: 31.03.2020
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/200457>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/52-845/edition/1135919/ru>

> Текст приведён по редакции от 31.03.2020 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНЫН ЖАНА СУЗАК РАЙОНУНУН КОМЕНДАНТЫНЫН 2020-жылдын 31-мартындагы № 19 "Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарындагы жана Сузак районундагы блокпостторду күчөтүү жөнүндө" БУЙРУГУ (ред. от 31.03.2020) - https://aqlex.ai/kg/doc/200457

---

ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУНУН ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНЫН ЖАНА СУЗАК РАЙОНУНУН КОМЕНДАНТУРАСЫНЫН БУЙРУГУ

2020-жылдын 31-марты № 19 Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарындагы жана Сузак районундагы блокпостторду күчөтүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 24-мартындагы "Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун аймактарында өзгөчө абалды киргизүү жөнүндө" № 57 ПЖ Жарлыгын аткаруу жана коронавирус оорусунун Жалал-Абад облусунун аймагында жана сырткары жайылышынын алдын алуу максатында орнотулган блокпосттордо иш-чаралардын жеткиликтүү деңгээлде иш алып баруусун камсыз кылуу, ыкчам абал кирген аймактарда адамдардын жана автоунаалардын кыймылына чектөө киргизүү боюнча иш-чараларды жүргүзүү үчүн, БУЙРУК КЫЛАМ:

1. Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн Генералдык штабынын Кризиске чара көрүү борборунун башчысы - Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун комендантынын орун басары полковник К.А. Камаловго:

- Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун аймагында жайгашкан 6 блокпосттун күчөтүлүүсүн көзөмөлгө алсын.

2. 52870 аскер бөлүгүнүн командирине:

- Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун аймагында жайгашкан 6 блокпостту күчөтүүгө 12 аскер кызматкери жана 1 даана аскер унаасы аскер бөлүктөн түшүрүлсүн;

- № 1 “Ак-Жол”, № 2 “Куркура”, № 3 “Ынтымак”, № 5 “Боз-Чычкан”, № 9 “Беш-Капа”, № 10 “Винсовхоз” блокпосттору 2020-жылдын 1-апрелинен саат 07.00 дөн тартып күчөтүлсүн;

- күчөтүлгөн блокпостторго тартылуучу кызматкерлердин тизмеси аныкталып, блокпосттордо кызмат өтөөгө жооптуу кызматкерлер тиешелүү буйрук менен бекитилсин;

- өмүр коопсуздук чаралары кол коюу менен жеткирилип, блокпосттордо кызмат өтөө тартиби боюнча кошумча сабактар өткөрүлсүн.

3. Аталган буйруктун аткарылышы боюнча жоопкерчилик жана көзөмөл Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн Генералдык штабынын Кризиске чара көрүү борборунун башчысы - Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун комендантынын орун басарына полковник К.А. Камаловго жүктөлсүн.

4. Буйрук тиешелүү өздүк курамга жеткирилсин.

Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун коменданты

Ж. Джоробеков
