# ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНЫН ЖАНА СУЗАК РАЙОНУНУН КОМЕНДАНТЫНЫН 2020-жылдын 31-мартындагы № 17 "Өзгөчө абал режимин камсыз кылуу боюнча кошумча чаралар жөнүндө" БУЙРУГУ

- Полное наименование: ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНЫН ЖАНА СУЗАК РАЙОНУНУН КОМЕНДАНТЫНЫН 2020-жылдын 31-мартындагы № 17 "Өзгөчө абал режимин камсыз кылуу боюнча кошумча чаралар жөнүндө" БУЙРУГУ
- Вид акта: Приказ
- Номер: 17
- Дата принятия: 31.03.2020
- Статус: Действует
- Редакция от: 31.03.2020
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/200455>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/52-843/edition/1135915/ru>

> Текст приведён по редакции от 31.03.2020 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНЫН ЖАНА СУЗАК РАЙОНУНУН КОМЕНДАНТЫНЫН 2020-жылдын 31-мартындагы № 17 "Өзгөчө абал режимин камсыз кылуу боюнча кошумча чаралар жөнүндө" БУЙРУГУ (ред. от 31.03.2020) - https://aqlex.ai/kg/doc/200455

---

ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУНУН ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНЫН ЖАНА СУЗАК РАЙОНУНУН КОМЕНДАНТУРАСЫНЫН БУЙРУГУ

2020-жылдын 31-марты № 17 Өзгөчө абал режимин камсыз кылуу боюнча кошумча чаралар жөнүндө Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык 2020-жылдын 31-мартына карата Кыргыз Республикасында коронавирус оорусу менен ооруган 107 адам аныкталды, алардын ичинен 51 адам Жалал-Абад облусунун тургундары. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 24-мартындагы ПЖ № 57 Жарлыгына ылайык Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун аймагында өзгөчө абал киргизилүү менен жарандардын жана транспорттун кыймылына чектөөлөрдүн коюлуп, жарандар арасында түшүндүрүү иш-чараларынын жүргүзүлүп жаткандыгына карабастан аталган аймактарда коронавирус инфекциясынын жайылышына бөгөт коюу боюнча коюлган талаптардын жеткиликтүү деңгээлде аткарылбай жаткандыгы байкалууда. Жогорудагылардын негизинде жана коронавирус инфекциясынын жайылышынын алдын алуу жана ага богөт коюу иш-чараларын күчөтүү максатында, БУЙРУК КЫЛАМ:

1. Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун аймагында төмөндөгүлөргө тыюу салынсын:

1.1. Төмөнкү учурлардан сырткары адамдардын жана жеке автоунаалардын жүрүүсүнө тыюу салынсын:

- Туруктуу жашаган жеринен жумуш ордуна барууга жана кайтып келүүгө;

- Жашаган үйүнөн 1,5 км радиустан ашпаган аймактарда жайгашкан дүкөндөрдөн азык-түлүк товарларын, дарыканалардан дары-дармектерди алуу үчүн;

- Экстремалдык учурларда медициналык мекемелерге барып келүүгө;

- Күтүлбөгөн өзгөчө кырдаалдарда жана адамдардын өмүрүнө жана ден-соолугуна коркунуч келтирген башка учурларда.

1.2. Туугандарына, жакындарына, досторуна жана кошуналарына барууга жана алар менен катташууга;

1.3. Бир үй-бүлө мүчөлөрүнөн тышкары 3 адамдан көп топтолуп жүрүүгө;

1.4. Жашы жетелектердин чоң адамдардын коштоосу жок жүрүүсүнө;

2. Жалал-Абад шаарынын жана Сузак айылынын жашоо ишмердигин камсыз кылуу менен алектенгенден тышкары уюмдардын жана ишканалардын ишмердиги убактылуу токтотулсун.

3. Буйрук массалык маалымат каражаттары жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары аркылуу Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун тургундарына жеткирилсин.

4. Аталган буйруктун аткарылышы боюнча жоопкерчилик Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун комендантынын орун басарларына, Жалал-Абад облусунун ИИБнин начальниги милициянын полковниги К.Н.Жолдошовго, Жалал-Абад шаарынын мэри М.А.Тагаевге, Сузак районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы Э.А.Омошовго, Жалал-Абад шаарынын коменданты милициянын полковниги облусунун Э.Ы.Молдокеевге, Сузак районунун коменданты милициянын подполковниги Э.А.Сатаровго жүктөлсүн.

5. Аталган буйруктун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.

Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун коменданты

Ж. Джоробеков
