Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНЫН ЖАНА СУЗАК РАЙОНУНУН КОМЕНДАНТЫНЫН «Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарындагы жана Сузак районундагы блокпостторду күчөтүү жөнүндө» БУЙРУГУ
ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУНУН ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНЫН ЖАНА СУЗАК РАЙОНУНУН КОМЕНДАНТУРАСЫНЫН БУЙРУГУ
2020-жылдын 30-марты № 16 Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарындагы жана Сузак районундагы блокпостторду күчөтүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 24-мартындагы "Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун аймактарында өзгөчө абалды киргизүү жөнүндө" № 57 ПЖ Жарлыгын аткаруу жана коронавирус оорусунун Жалал-Абад облусунун аймагында жана сырткары жайылышынын алдын алуу максатында орнотулган блокпосттордо иш-чаралардын жеткиликтүү деңгээлде иш алып баруусун камсыз кылуу, ыкчам абал кирген аймактарда адамдардын жана автоунаалардын кыймылына чектөө киргизүү боюнча иш-чараларды жүргүзүү үчүн, БУЙРУК КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн Генералдык штабынын Кризиске чара көрүү борборунун башчысы - Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун комендантынын орун басары полковник К.А. Камаловго:
- Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун аймагында жайгашкан 11 блокпосттун күчөтүлүүсүн жана кошумча убактылуу блокпостордун коюлуусун көзөмөлгө алсын.
2. 52870 аскер бөлүгүнүн командирине:
- Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун аймагында жайгашкан 11 блокпостту күчөтүүгө жана кошумча убактылуу блокпостторду коюуга 20 аскер кызматкери жана 1 даана аскер унаасы аскер бөлүктөн түшүрүлсүн;
- кошумча убактылуу блокпосттор Сузак районунун Жерге (Көпүрө-АЗС), Кызыл-Жар (негизги жолдун кесилиши) жана Кызыл-Сенир айылдарында (Көпүрө-АЗС) коюлсун;
- кошумча убактылуу блокпосттордун кызмат өтөө убактысы саат 07.00дөн саат 18.00гө чейин аныкталсын;
- кошумча убактылуу блокпостторго тартылуучу кызматкерлердин тизмеси аныкталып, блокпосттордо кызмат өтөөгө жооптуу кызматкерлер тиешелүү буйрук менен бекитилсин;
- өмүр коопсуздук чаралары кол кою менен жеткирилип жана блокпостто кызмат өтөө боюнча кошумча сабактар өткөрүлсүн.
3. Аталган буйруктун аткарылышы боюнча жоопкерчилик жана көзөмөл Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн Генералдык штабынын Кризиске чара көрүү борборунун башчысы - Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун комендантынын орун басарына полковник К.А. Камаловго жүктөлсүн.
4. Буйрук тиешелүү өздүк курамга жеткирилсин.
Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун коменданты
Ж. Джоробеков
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 0 · цитируется в 0 · связанные 1
Связанные документы (1)
По данным источника (cbd.minjust.gov.kg), без указания, кто на кого ссылается.