# ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНЫН ЖАНА СУЗАК РАЙОНУНУН КОМЕНДАНТЫНЫН 2020-жылды 30-мартындагы № 15 "Кызматкерлерди кызмат ордуна жеткирүү үчүн транспорт каражаттары менен камсыздоо жөнүндө" БУЙРУГУ

- Полное наименование: ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНЫН ЖАНА СУЗАК РАЙОНУНУН КОМЕНДАНТЫНЫН 2020-жылды 30-мартындагы № 15 "Кызматкерлерди кызмат ордуна жеткирүү үчүн транспорт каражаттары менен камсыздоо жөнүндө" БУЙРУГУ
- Вид акта: Приказ
- Номер: 15
- Дата принятия: 30.03.2020
- Статус: Действует
- Редакция от: 30.03.2020
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/200453>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/52-841/edition/1135911/ru>

> Текст приведён по редакции от 30.03.2020 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНЫН ЖАНА СУЗАК РАЙОНУНУН КОМЕНДАНТЫНЫН 2020-жылды 30-мартындагы № 15 "Кызматкерлерди кызмат ордуна жеткирүү үчүн транспорт каражаттары менен камсыздоо жөнүндө" БУЙРУГУ (ред. от 30.03.2020) - https://aqlex.ai/kg/doc/200453

---

ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУНУН ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНЫН ЖАНА СУЗАК РАЙОНУНУН КОМЕНДАНТУРАСЫНЫН БУЙРУГУ

2020-жылды 30-марты № 15 Кызматкерлерди кызмат ордуна жеткирүү үчүн транспорт каражаттары менен камсыздоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 24-мартындагы № 57 Жарлыгы боюнча Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун аймактарында жарыяланган өзгөчө абал учурундагы киргизилген чектөөлөргө ылайык, коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыз кылуу боюнча иш-чараларды жүргүзүү үчүн, БУЙРУК КЫЛАМ:

1. Жалал-Абад облусунун ИИБнин начальниги милициянын полковниги К.Н.Жолдошовго, Жалал-Абад шаарынын ИИБнин начальниги Э.Ы.Молдокеевге, Сузак районунун ИИБнин начальниги милициянын подполковниги Э.А.Сатаровго:

- Жалал-Абад облусунун ИИБнин, Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун ИИБнин өздүк курамын кызмат ордуна, тейлеген аймактарда жайгашкан блокпостторго жана карантиндик постторго жеткирүүнүн маршруттук схемаларын иштеп чыгышсын;

- Кызматкерлерди кызмат ордуна, блокпостторго жана карантиндик постторго жеткирүү үчүн транспорт каражаттарын (автобус, кичи автобус) уюштуруп, кызматкерлердин өз учурунда кызмат ордуна чыгуусун камсыздашсын.

2. Аталган буйруктун аткарылышы боюнча жоопкерчилик Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад облусунун ИИБнин начальниги милициянын полковниги К.Н.Жолдошовго жүктөлсүн.

3. Аталган буйруктун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.

Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун коменданты

Ж. Джоробеков
