# ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНЫН ЖАНА СУЗАК РАЙОНУНУН КОМЕНДАНТЫНЫН 2020-жылдын 29-мартындагы № 14 "Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун комендантынын орун басарын дайындоо жөнүндө" БУЙРУГУ

- Полное наименование: ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНЫН ЖАНА СУЗАК РАЙОНУНУН КОМЕНДАНТЫНЫН 2020-жылдын 29-мартындагы № 14 "Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун комендантынын орун басарын дайындоо жөнүндө" БУЙРУГУ
- Вид акта: Приказ
- Номер: 14
- Дата принятия: 29.03.2020
- Статус: Действует
- Редакция от: 29.03.2020
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/200452>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/52-840/edition/1135895/ru>

> Текст приведён по редакции от 29.03.2020 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНЫН ЖАНА СУЗАК РАЙОНУНУН КОМЕНДАНТЫНЫН 2020-жылдын 29-мартындагы № 14 "Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун комендантынын орун басарын дайындоо жөнүндө" БУЙРУГУ (ред. от 29.03.2020) - https://aqlex.ai/kg/doc/200452

---

ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУНУН ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНЫН ЖАНА СУЗАК РАЙОНУНУН КОМЕНДАНТУРАСЫНЫН БУЙРУГУ

2020-жылдын 29-марты № 14 Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун комендантынын орун басарын дайындоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 24-мартындагы "Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун аймактарында өзгөчө абалды киргизүү жөнүндө" № 57 ПЖ Жарлыгын аткаруу максатында жана коронавирус оорусунун жайылышынын алдын алуу боюнча иш-чараларды жүргүзүүгө тартылган күчтөрдүн иштерин ишмердик чөйрөсү боюнча уюштуруу жана координациялоо үчүн, БУЙРУК КЫЛАМ:

1. Жалал-Абад облусунун Үй бүлөлүк дарыгерлер борборунун директору Эрматов Нурдин Абдыманапович Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын Сузак районунун комендантынын орун басары болуп дайындалсын.

2. Н.А.Эрматовго төмөндөгү милдеттер жүктөлсүн:

- Жалал-Абад облусунун аймагында медициналык мекемелердин иштерин координациялоо;

- Санитардык-эпидемиологиялык түзүмдөрдүн иштерин координациялоо.

3. Буйруктун аткарылышы боюнча жоопкерчилик Н.А.Эрматовго жүктөлсүн.

4. Аталган буйруктун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.

Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун коменданты

Ж. Джоробеков
