Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНЫН ЖАНА СУЗАК РАЙОНУНУН КОМЕНДАНТЫНЫН «Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун комендантынын орун басарын дайындоо жөнүндө» БУЙРУГУ
ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУНУН ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНЫН ЖАНА СУЗАК РАЙОНУНУН КОМЕНДАНТУРАСЫНЫН БУЙРУГУ
2020-жылдын 29-марты № 14 Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун комендантынын орун басарын дайындоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 24-мартындагы "Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун аймактарында өзгөчө абалды киргизүү жөнүндө" № 57 ПЖ Жарлыгын аткаруу максатында жана коронавирус оорусунун жайылышынын алдын алуу боюнча иш-чараларды жүргүзүүгө тартылган күчтөрдүн иштерин ишмердик чөйрөсү боюнча уюштуруу жана координациялоо үчүн, БУЙРУК КЫЛАМ:
1. Жалал-Абад облусунун Үй бүлөлүк дарыгерлер борборунун директору Эрматов Нурдин Абдыманапович Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын Сузак районунун комендантынын орун басары болуп дайындалсын.
2. Н.А.Эрматовго төмөндөгү милдеттер жүктөлсүн:
- Жалал-Абад облусунун аймагында медициналык мекемелердин иштерин координациялоо;
- Санитардык-эпидемиологиялык түзүмдөрдүн иштерин координациялоо.
3. Буйруктун аткарылышы боюнча жоопкерчилик Н.А.Эрматовго жүктөлсүн.
4. Аталган буйруктун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун коменданты
Ж. Джоробеков
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 0 · цитируется в 0 · связанные 1
Связанные документы (1)
По данным источника (cbd.minjust.gov.kg), без указания, кто на кого ссылается.