# ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНЫН ЖАНА СУЗАК РАЙОНУНУН КОМЕНДАНТЫНЫН 2020-жылдын 27-мартындагы № 8 "Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарында жана Сузак районунунда блокпосттордун ишмердигин камсыздоо жөнүндө" БУЙРУГУ

- Полное наименование: ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНЫН ЖАНА СУЗАК РАЙОНУНУН КОМЕНДАНТЫНЫН 2020-жылдын 27-мартындагы № 8 "Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарында жана Сузак районунунда блокпосттордун ишмердигин камсыздоо жөнүндө" БУЙРУГУ
- Вид акта: Приказ
- Номер: 8
- Дата принятия: 27.03.2020
- Статус: Действует
- Редакция от: 27.03.2020
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/200446>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/52-834/edition/1135883/ru>

> Текст приведён по редакции от 27.03.2020 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНЫН ЖАНА СУЗАК РАЙОНУНУН КОМЕНДАНТЫНЫН 2020-жылдын 27-мартындагы № 8 "Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарында жана Сузак районунунда блокпосттордун ишмердигин камсыздоо жөнүндө" БУЙРУГУ (ред. от 27.03.2020) - https://aqlex.ai/kg/doc/200446

---

ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУНУН ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНЫН ЖАНА СУЗАК РАЙОНУНУН КОМЕНДАНТУРАСЫНЫН БУЙРУГУ

2020-жылдын 27-марты № 8 Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарында жана Сузак районунунда блокпосттордун ишмердигин камсыздоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 24-мартындагы «Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун аймактарында өзгөчө абалды киргизүү жөнүндө» № 57 ПЖ Жарлыгын аткаруу жана коронавирус оорусунун Жалал-Абад облусунун аймагында жана сырткары жайылышынын алдын алуу максатында орнотулган блокпосттордо иш-чаралардын жеткиликтүү деңгээлде иш алып баруусун камсыз кылуу, ыкчам абал кирген аймактарда адамдардын жана автоунаалардын кыймылына чектөө киргизүү боюнча иш-чараларды жүргүзүү үчүн, БУЙРУК КЫЛАМ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 1-орун басары - Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун комендантынын орун басарына М.Т.Акматовго:

- 2020-жылдын 28-мартынан саат 08.00дөн саат 18.00гө чейин Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун аймагында жайгашкан 11 блокпостко тиешелүү медициналык жабдыктары менен 2ден медицина кызматкеринин жана санэпидемициялык станциянын өкүлдөрүнүн коюлушун камсыз кылсын;

- жогоруда көрсөтүлгөн блокпостторго биотуалеттерди койсун;

- тиешелүү блокпостторго 200 кол кап жана 1 литрлик антисептик каражаттар камсыздалсын;

- Жалал-Абад шаарында жана Сузак районунда жайгашкан банктар менен биргеликте иш алып баруу менен Жалаал-Абад шаарынын аймагынан сырткары жашаган пенсионерлердин пенсияларын жана билим берүү мекемелеринин кызматкерлеринин айлык маяналарын жашаган жерлеринде берүү схемасын иштеп чыгып, аталган иш-чарага тартылуучу автоунаалардын тизмелерин өткөрмө баракча алуу үчүн Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун комендантына жиберсин;

- Жалал-Абад шаарынан башка аймактарга айыл-чарба шаймандарын, техникалардын тетиктерин, үрөөн алып келүү үчүн барууга ар бир айыл өкмөттөрүнүн башчылары менен автотранспорт каражаттарын аныктап, алардын тизмелери өткөрмө баракчаларын алуу үчүн Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун комендантына жиберсин.

2. Жалал-Абад облусунун Сузак районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы Э.А.Омошовго:

- транспорттордун санын чектөө максатында Жалал-Абад шаарына азык-түлүктөрдү, даары-дармектерди медициналык каржаттарды жана башка өтө зарыл товарларды алуу үчүн ар бир айыл өкмөттөн бирден автоунааны аныктап, алардын тизмесин өткөрмө баракча алуу үчүн Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун комендантына жиберсин;

- айрым айылдардын тургундарынын малдарын сыртка жайлоого чыгаруу үчүн маршруттарын аныктап, алардын тизмелерин Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун комендантына жиберсин;

3. Аталган буйруктун аткарылышы боюнча жоопкерчилик Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 1-орун басары - Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун комендантынын орун басарына М.Т.Акматовго, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы Э.А.Омошовго жүктөлсүн.

4. Аталган буйруктун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.

Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун коменданты

Ж. Джоробеков
