# ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНЫН ЖАНА СУЗАК РАЙОНУНУН КОМЕНДАНТЫНЫН 2020-жылдын 26-мартындагы № 7 "Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун комендантынын орун басарларын дайындоо жөнүндө"БУЙРУГУ

- Полное наименование: ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНЫН ЖАНА СУЗАК РАЙОНУНУН КОМЕНДАНТЫНЫН 2020-жылдын 26-мартындагы № 7 "Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун комендантынын орун басарларын дайындоо жөнүндө"БУЙРУГУ
- Вид акта: Приказ
- Номер: 7
- Дата принятия: 26.03.2020
- Статус: Действует
- Редакция от: 26.03.2020
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/200445>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/52-833/edition/1135881/ru>

> Текст приведён по редакции от 26.03.2020 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНЫН ЖАНА СУЗАК РАЙОНУНУН КОМЕНДАНТЫНЫН 2020-жылдын 26-мартындагы № 7 "Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун комендантынын орун басарларын дайындоо жөнүндө"БУЙРУГУ (ред. от 26.03.2020) - https://aqlex.ai/kg/doc/200445

---

ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУНУН ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНЫН ЖАНА СУЗАК РАЙОНУНУН КОМЕНДАНТУРАСЫНЫН БУЙРУГУ

2020-жылдын 26-марты № 7 Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун комендантынын орун басарларын дайындоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 24-мартындагы "Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун аймактарында өзгөчө абалды киргизүү жөнүндө" № 57 ПЖ Жарлыгын аткаруу максатында жана коронавирус оорусунун жайылышынын алдын алуу боюнча иш-чараларды жүргүзүүгө тартылган күчтөрдүн иштерин ишмердик чөйрөсү боюнча уюштуруу жана координациялоо үчүн, БУЙРУК КЫЛАМ:

1. Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын Сузак районунун комендантынын орун басары болуп дайындалсын:

- полковник Камалов Алмаз Курманбекович, Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн Генералдык штабынын Кризиске чара көрүү борборунун начальниги;

- полковник Абдыкалыков Рустамали Исмаилович, Кыргыз Республикасынын УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын начальнигинин орун басары;

- Акматов Мамасалы Такабаевич, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары;

- милициянын полковниги Кудайбердиев Алмаз Кадыржанович, Жалал-Абад облусунун ИИБнин начальнигинин орун басары.

2. Мамлекеттик органдардын ишмердик чөйрөсүнө жараша Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын Сузак районунун комендантынын орун басарларына төмөндөгү милдеттер жүктөлсүн:

2.1. полковник А.К.Камаловго:

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык коронавирстун жайылышынын алдын алуу боюнча иш-чараларды жүргүзүүдө Жалал-Абад облусунун аймагында жайгашкан аскер бөлүктөрүнүн Жалал-Абад облусунун ИИБ, Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун ИИБ жана башка түзүмдөр менен кызматташуусун жана иш-чараларга колдонуусун уюштуруу;

- Иш-чараларга тартылган аскер бөлүктөрүнүн кызматкерлеринин материалдык-техникалык базасын, тамак-аш, медициналык каражаттар менен камсыздоо маселелерин чечүү;

2.2. Полковник Р.И.Абдыкалыковго:

- конституциялык түзүлүшкө каршы аракеттерге бөгөт коюу жана улуттук коопсуздук чөйрөсүндөгү башка иш-чараларды уюштуруу.

2.3. М.Т.Акматовго:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн, Жалал-Абад шаардык мэриясынын жана Сузак районунун мамлекеттик администрациясынын жана алардын кызматтарынын, мекемелеринин, ишканаларынын ишмердигин координациялоо;

- Коронавируска каршы күрөшүү анын жайылышынын алдын алуу менен байланыштуу иш-чараларга тартылган ыкчам кызматтарга көмөк көрсөтүү, социалдык-экономикалык маселелерди чечүү жана уюштуруу;

2.4. милициянын полковниги А.К.Кудайбердиевге:

- Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун аймактарында коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоо;

- Өзгөчө абалды камсыз кылуу иш-чараларына тартылган күчтөрдүн санын тактоо, алардын кызматтарынын уюштуруусун жана өтөөсүн көзөмөлдөө;

3. Иш-чараларга тартылган башка мамлекеттик жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары менен кызматташууну уюштуруу.

4. Буйруктун аткарылышы боюнча жоопкерчилик буйруктун 1-пунктунда көрсөтүлгөн кызмат адамдарына жүктөлсүн.

5. Аталган буйруктун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.

Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун коменданты

Ж. Джоробеков
