# ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНЫН ЖАНА СУЗАК РАЙОНУНУН КОМЕНДАНТЫНЫН 2020-жылдын 25-мартындагы № 4 "Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарында жана Сузак районунунда блокпостторду бекитүү жөнүндө" БУЙРУГУ

- Полное наименование: ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНЫН ЖАНА СУЗАК РАЙОНУНУН КОМЕНДАНТЫНЫН 2020-жылдын 25-мартындагы № 4 "Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарында жана Сузак районунунда блокпостторду бекитүү жөнүндө" БУЙРУГУ
- Вид акта: Приказ
- Номер: 4
- Дата принятия: 25.03.2020
- Статус: Действует
- Редакция от: 25.03.2020
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/200442>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/52-830/edition/1135875/ru>

> Текст приведён по редакции от 25.03.2020 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНЫН ЖАНА СУЗАК РАЙОНУНУН КОМЕНДАНТЫНЫН 2020-жылдын 25-мартындагы № 4 "Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарында жана Сузак районунунда блокпостторду бекитүү жөнүндө" БУЙРУГУ (ред. от 25.03.2020) - https://aqlex.ai/kg/doc/200442

---

ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУНУН ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНЫН ЖАНА СУЗАК РАЙОНУНУН КОМЕНДАНТУРАСЫНЫН БУЙРУГУ

2020-жылдын 25-марты № 4 Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарында жана Сузак районунунда блокпостторду бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 24-мартындагы "Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун аймактарында өзгөчө абалды киргизүү жөнүндө" № 57 ПЖ Жарлыгын аткаруу жана коронавирус оорусунун Жалал-Абад облусунун аймагында жана сырткары жайылышынын алдын алуу максатында жарандардын жана транспорттордун кыймылына чектөө киргизүү боюнча иш-чараларды жүргүзүү үчүн, БУЙРУК КЫЛАМ:

1. Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун аймагында тиркемеге ылайык Жалал-Абад шаарынын ИИБнен, Сузак районунун ИИБнен жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн Генералдык штабынын № 52870, № 12544, № 36806, № 92840 аскер бөлүктөрүнүн керектүү күчтөрүнөн турган биргелешкен блокпосттор коюлсун (тиркеме № 1).

2. Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун коменданттары:

2.1. Өздөрүнө бекитилген бөлүмдөрдүн кызматтарынын, АМБнын начальниктерин бекитилген блокпостторго жооптуу катары дайындасын;

2.2. Блокпостторго тартылган кызматкерлердин иш графигин бекитип, материалдык-техникалык базасын камсыз кылсын;

2.3. Белгиленген графикте блокпосторго тартылган кызматкерлердин кызмат өтөөсүн текшерүүнү уюштуруп, аныкталган кемчиликтерди жеринде жоюу боюнча иш-чараларды уюштурсун.

3. Аталган буйруктун аткарылышы боюнча жоопкерчилик Жалал-Абад облусунун ИИБнин начальниги милициянын полковниги К.Н.Жолдошовго жүктөлсүн.

4. Аталган буйруктун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.

Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун коменданты

Ж. Джоробеков
