Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНЫН ЖАНА СУЗАК РАЙОНУНУН КОМЕНДАНТЫНЫН «Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун комендантынын ыкчам штабын түзүү жөнүндө» БУЙРУГУ
ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУНУН ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНЫН ЖАНА СУЗАК РАЙОНУНУН КОМЕНДАНТУРАСЫНЫН БУЙРУГУ
2020-жылдын 24-марты № 2 Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун комендантынын ыкчам штабын түзүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 24-мартындагы "Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун аймактарында өзгөчө абалды киргизүү жөнүндө" № 57 ПЖ Жарлыгын аткаруу максатында жана коронавирус оорусунун жайылышынын алдын алуу боюнча иш-чараларды жүргүзүүгө тартылган күчтөрдүн иштерин уюштуруу жана координациялоо үчүн, БУЙРУК КЫЛАМ:
1. Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун комендантынын ыкчам штабы төмөндөгү курамда түзүлсүн:
- милициянын полковниги Мамбетов Асылбек Жапарович, Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЭММКАКнын башкармалыгынын начальниги;
- полковник Арапов Алмазбек Нурматович, Кыргыз Республикасынын ИИМдин ИКАКнын башкармалыгынын начальниги;
- милициянын полковниги Жусупов Алмаз Алымбаевич, Жалал-Абад облусунун ИИБнин КККнын начальниги;
- милициянын подполковниги Аманбаев Манас Каримжанович, Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЭММКАКнын ӨМИ боюнча улук ыйгарым укуктуу оперкызматкери;
- милициянын подполковниги Аскарбеков Канат Аскарбекович, Жалал-Абад облусунун ИИБнин ТКнын начальниги;
- милициянын подполковниги Казыбеков Алтын Аныбарович, Жалал-Абад облусунун ИИБнин УИБнин улук инспектору;
- милициянын подполковниги Манапбаев Кеңешбек Жылгелдиевич, Жалал-Абад облусунун ИИБнин КБнын инспектору;
- милициянын подполковниги Уметалиев Айталы Абдрахманович, Жалал-Абад облусунун ИИБнин КККнын улук инспектору;
- милициянын майору Казакбаев Жеңишбек Калыкович, Жалал-Абад облусунун ИИБнин ЭММКАКнын улук ыйгарым укуктуу оперкызматкери;
- милициянын майору Маданов Эрмек Алимбекович, Жалал-Абад облусунун ИИБнин ЭММКАКнын улук ыйгарым укуктуу оперкызматкери;
- милициянын майору Исаков Чыңгыз Тагаевич, Жалал-Абад облусунун ИИБнин КБнын улук инспектору;
- милициянын майору Бөрүбаев Алмаз Адилбекович, Жалал-Абад облусунун ИИБнин КККнын инспектору;
- милициянын капитаны Молдобаев Максат Элмуратович, Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЭММКАКнын улук ыйгарым укуктуу оперкызматкери;
- милициянын капитаны Каратаев Акылбек Сапарбекович, Жалал-Абад облусунун ИИБнин УИБнын улук инспектору;
- милициянын ага лейтенанты Ырысбаев Ильгиз Жапарович, Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЭММКАКнын ыйгарым укуктуу оперкызматкери;
- милициянын кенже лейтенанты Саркаров Самат Камалдинович, Жалал-Абад облусунун ИИБнин МСАТтын улук инспектору.
2. Жалал-Абад облусунун ИИБнин начальниги милициянын полковниги Жолдошов К.Н. аталган штабды тиешелүү канцелярдык каражаттар менен камсыздасын.
3. Аталган буйруктун аткарылышы боюнча жоопкерчилик Жалал-Абад облусунун ИИБнин начальниги милициянын полковниги К.Н.Жолдошовго жүктөлсүн.
4. Аталган буйруктун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун коменданты
Ж. Джоробеков
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 0 · цитируется в 0 · связанные 1
Связанные документы (1)
По данным источника (cbd.minjust.gov.kg), без указания, кто на кого ссылается.