Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Чаек айыл аймагынын айылдык кеңешинин «Чаек айыл өкмөтүнүн “Чаек” муниципалдык ишканасынын Уставын бекитүү жөнүндө» токтому
ЧАЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Чаек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин (XXX чакырылышынын) кезексиз VIII сессиясы
2023-жылдын 28-сентябрындагы № 7
Чаек айыл өкмөтүнүн “Чаек” муниципалдык ишканасынын Уставын бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 26-декабрындагы №713 Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун аймагында жайгашкан айыл аймактарында ирригацияны, ичүүчү суу менен камсыздоо системаларын күтүүнү, ошондой эле жайыттарды башкарууну жана таштанды чыгарууну комплекстүү уюштуруу боюнча пилоттук долбоорду ишке аышруу боюнча токтомунун негизинде Чаек айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн “Чаек” муниципалдык ишканасынын Уставын бекитип берүү боюнча Чаек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин кезексиз сессиясы угуп жана талкуулап токтом кылат:
1. Чаек айыл өкмөтүнүн алдындагы “Чаек” муниципалдык ишканасын түзүү жөнүндө сунушу айлдык кеңештин депутаттары тарабынан жактырылып, макулдук берилсин.
2. Муниципалдык ишкананы түзүү, уставын бекитип мамлекеттик каттоодон өткөрүү жагы, токтомдун аткарылышын камсыздоо Чаек айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Кучмуратовго тапшырылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин финансы-экономика жана пландоо бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жана өзүмө калтырамын.
Төрага:
А.Муталиев
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 1 · цитируется в 0 · связанные 2
Ссылается на (1)
Связанные документы (2)
По данным источника (cbd.minjust.gov.kg), без указания, кто на кого ссылается.
- Чаек айыл өкмөтүнүн «Чаек» муниципалдык ишканасынын Уставы (Чаек айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2023-жылдын 28-сентябрындагы № 8 токтому менен)Устав · 28.09.2023 · № 7
- Чаек айыл аймагындагы Чаек айыл өкмөтүнүн карамагындагы Көк-Ой, Арал жана Кызыл-Жылдыз айылдарындагы үйлөнүү үлпөтүн, үй-бүлөөлүк, мааракелик салтанаттарды, маркумду жерге коюу…Положение · 28.09.2023 · № 8