# Чаек айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2023-жылдын 28-сентябрындагы № 4 "Чаек айыл өкмөтүндөгү бузуулар боюнча иш алып барууга түзүлгөн комиссия курамын бекитип берүү жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Чаек айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2023-жылдын 28-сентябрындагы № 4 "Чаек айыл өкмөтүндөгү бузуулар боюнча иш алып барууга түзүлгөн комиссия курамын бекитип берүү жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 4
- Дата принятия: 28.09.2023
- Статус: Действует
- Редакция от: 28.09.2023
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/179416>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-15353/edition/1291520/ru>

> Текст приведён по редакции от 28.09.2023 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Чаек айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2023-жылдын 28-сентябрындагы № 4 "Чаек айыл өкмөтүндөгү бузуулар боюнча иш алып барууга түзүлгөн комиссия курамын бекитип берүү жөнүндө" токтому (ред. от 28.09.2023) - https://aqlex.ai/kg/doc/179416

---

ЧАЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Чаек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин (XXX чакырылышынын) кезексиз VIII сессиясы

2023-жылдын 28-сентябрындагы № 4

Чаек айыл өкмөтүндөгү бузуулар боюнча иш алып барууга түзүлгөн комиссия курамын бекитип берүү жөнүндө Жумгал районундагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында Кыргыз Республикасынын 28.10.2021-жылдагы №128-Мыйзамы менен колдонууга кирген “Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө” Кодексинин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 24.01.2023-жылдагы ”Укук бузуулар боюнча иштерди караган комиссиялар жөнүндө типтүү жобону” бекитүү тууралуу” №35 токтомунун аткарылышын камсыз кылуу чараларын көрүү боюнча Чаек айыл өкмөтүндөгү бузуулар боюнча иш алып барууга 2023-жылдын 1-августундагы №256 Буйругу менен түзүлгөн комиссия курамын бекитип берүү жөнүндө Чаек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин сессиясы угуп жана талкуулап токтом кылат:

1. Чаек айыл өкмөтүндөгү бузуулар боюнча иш алып барууга 2023-жылдын 1-августундагы №256 Буйругу менен түзүлгөн комиссия курамы бекитилсин.

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Чаек айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Кучмуратовго жүктөлсүн.

Төрага:

А.Муталиев
