Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 50 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Чаек айыл аймагынын айылдык кеңешинин «Чаек, Кызыл-Жылдыз, Көк-Ой айыл аймактарынын айыл өкмөтүнүн 2023-жылга бириктирилген бюджетин бекитүү жана өзгөртүү жөнүндө» токтому
ЧАЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Чаек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин (XXX чакырылышынын) кезексиз VIII сессиясы
2023-жылдын 28-сентябрындагы № 2
Чаек, Кызыл-Жылдыз, Көк-Ой айыл аймактарынын айыл өкмөтүнүн 2023-жылга бириктирилген бюджетин бекитүү жана өзгөртүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 85 “Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун айыл аймактарынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жөнүндө” Жарлыктын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 30-мартындагы №177 “Айыл аймкактарынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүлүп жаткан Кыргыз Республикасынын региондорундагы айыл өкмөттөрүнүн ишин уюштуруу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын штаттык саны жөнүндө” токтомунун алкагында бириктирилген жергиликтүү бюджетин бекитүү жөнүндөгү маалыматты угуп жана талкуулап Чаек айыл аймагынын айылдык кенеши токтом кылат:
1. Чаек айыл өкмөтүнүн Чаек, Кызыл-Жылдыз, Көк-Ой бириктирилген жергиликтүү бюджетинин 2023-жылдын киреше-чыгашасынын жалпы сметалык чыгымдалышын бекитүү боюнча кайрылуусу канаттандырылсын.
2.Чаек айыл өкмөтүнүн Чаек, Кызыл-Жылдыз, Көк-Ой бириктирилген жергиликтүү бюджетинин 2023-жылга киреше-чыгашасынын жалпы сметасы 57575,1 миң сом, анын ичинен киреше бөлүгү 43541,1 миң сом, тендештирме гранттан 14034,0.миң сом болуп бекитилсин. Ал эми Чаек, Кызыл-Жылдыз, Көк-Ой бириктирилген айыл өкмөттөрүнүн 2022-жылдан үнөмдөлгөн акча каражаты (превышение) 13298,3 .миң сом болуп бекитилсин.
3. Чыгаша бөлүгү 57575,1 миң сом.
1.АУП-30207,1 миң сом.
2.Жайыт пайдалануудан -1211,8 миң сом.
3.Китепкана -1616,5 мин сом.
4.Бала бакча -7383,0 миң сом.
5.Билим берүү -3429,4 мин сом.
6.Нур-Булак -2235,4 мин сом.
7.ЖКХ -9534,5 миң сом.
8.Клуб -1229,4 миң сом.
9.Соц жардам -728,0 миң сом.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Кучмуратовго милдеттендирилсин.
Төрага:
А.Муталиев
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 50 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 2 · цитируется в 0 · связанные 0
Ссылается на (2)
- Указ Президента Кыргызской Республики от 3 апреля 2023 года УП № 85 "Об административно-территориальной реформе на уровне айылных аймаков Нарынской области Кыргызской Республики…Указ · 03.04.2023 · № 85 · Утратил силу
- Постановление Кабинета Министров Кыргызской Республики от 30 марта 2023 года № 177 "Об организации деятельности айыл окмоту и штатной численности органов местного самоуправления…Постановление · 30.03.2023 · № 177 · Утратил силу