Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 50 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Дөбөлү айыл аймагынын айылдык кеӊешинин «Дөбөлү айыл аймагынын айылдык кеңеши» мекемесин түзүү жөнүндө токтому
ДӨБӨЛҮ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Дөбөлү айыл аймагынын айылдык кеӊешинин ХХVIII чакырылышынын кезексиз III-сессиясынын
2023-жылдын 12-июлундагы № 3/4
«Дөбөлү айыл аймагынын айылдык кеңеши» мекемесин түзүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 3-апрелиндеги ПЖ №85 «Нарын облусунун айыл аймактарынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жөнүндө» Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдьш 4-апрелиндеги ПЖ №87 «Айыл аймактарынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүлүп жаткан Кыргыз Республикасынын региондорундагы айылдык кеңештердин ишин уюштуруу жөнүндө» Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 30-мартындагы №177 «Айыл аймактарынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүлүп жаткан Кыргыз Республикасынын региондорундагы айыл өкмөттөрүнүн ишин уюштуруу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын штаттык саны жөнүндө» токтомун, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 92-беренесин, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө», «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» мыйзамдарын жана Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоонун тартиби жөнүндө Жобону ж.б. тиешелүү мыйзам актыларын жетекчиликке алып, Дөбөлү айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын III- сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Орток жана Дөбөлү айыл аймактарынын айылдык кеңештерин бириктирүү жолу менен Дөбөлү айыл аймагынын айылдык кеңеши болуп кайра түзүлсүн.
Юридикалык жактын толук фирмалык аталышы:
- Мамлекеттик тилде: «Дөбөлү айыл аймагынын айылдык кеңеши» " мекемеси
- Расмий тилде: Учреждение «Айылный кенеш Доболунского айылного аймака»
Кыскартылган фирмалык аталышы:
- Мамлекеттик тилде: «Дөбөлү айыл аймагынын айылдык кеңеши» м-и.
- Расмий тилде: У-е «Айылный кенеш Доболунского айылного аймака»
2. Дөбөлү айыл аймагынын айылдык кеңешинин Жобосу бекитилсин.
3. Дөбөлү айыл аймагынын айылдык кеңешинин юридикалык дареги болуп, Кыргыз Республикасы, Нарын облусу, Нарын району, Дөбөлү айылы, М.Боромбаев көчөсү, №36 болуп аныкталсын.
4. Юридикалык жактын уюштуруучусу - жергиликтүү кеңештин депутаттары.
5. Мекеме Кыргыз Республикасынын иштөөдөгү мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын юстиция органдарында мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.
6. Токтомдо көрсөтүлгөн маалыматтардын, ошондой эле мамлекеттик каттоо үчүн тапшырылган документтердеги маалыматтардын аныктыгы ырасталат.
Төрага:
К. Субанбеков
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 50 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 3 · цитируется в 0 · связанные 3
Ссылается на (3)
- Постановление Кабинета Министров Кыргызской Республики от 30 марта 2023 года № 177 "Об организации деятельности айыл окмоту и штатной численности органов местного самоуправления…Постановление · 30.03.2023 · № 177 · Утратил силу
- Указ Президента Кыргызской Республики от 3 апреля 2023 года УП № 85 "Об административно-территориальной реформе на уровне айылных аймаков Нарынской области Кыргызской Республики…Указ · 03.04.2023 · № 85 · Утратил силу
- Указ Президента Кыргызской Республики от 4 апреля 2023 года УП № 87 Об организации деятельности айылных кенешей в регионах Кыргызской Республики, в которых на уровне айылных…Указ · 04.04.2023 · № 87 · Утратил силу
Связанные документы (3)
По данным источника (cbd.minjust.gov.kg), без указания, кто на кого ссылается.
- Гражданский кодекс Кыргызской Республики Часть IКодекс · 08.05.1996 · № 15
- Закон «О местной государственной администрации и органах местного самоуправления»Закон · 20.10.2021 · № 123
- Закон «О статусе депутатов местных кенешей»Закон · 13.01.2000 · № 3