Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 50 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Дөбөлү айыл аймагынын айылдык кенешинин “Айыл чарба жерлерин мамлекеттик фондунан жерлерин” ижарага берүү жөнүндө токтому
ДӨБӨЛҮ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Дөбөлү айыл аймагынын айылдык кенешинин ХХVIII-чакырылышынын кезексиз 26-сессиясы
2023-жылдын 05-октябрындагы № 6/1
“Айыл чарба жерлерин мамлекеттик фондунан жерлерин” ижарага берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңештин 2007-жылдын 29-июнундагы №1997-III бекиген токтомундагы «Айыл чарба жерлерин мамлекеттик фондунан жерлерин» ижарага берүү тартиби жана шарттары жөнүндөгү» типтүү жобонун, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы №571 бекиген токтомунун жана Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнө тийешелүү “Айыл чарба жерлерин мамлекеттик фондунан жерлерин” ижарага берилген, келишими бүткөн жерлерди кайра берүү максатында Дөбөлү айыл аймагынын айылдык депутаттар Кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1. Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнө тийешелүү «Айыл чарба жерлерин мамлекеттик фондунан жерлерин» ижарага берилген, келишими бүткөн жерлери кайра ижарага берилсин.
2. АЖМФ жерлери ижарага берүү боюнча Жер комиссиясынын ишинин РЕГЛАМЕНТИ бекитилсин. (тиркеме тиркелет)
3. АЖМФ жерлери ижарага тоорукка (аукцион, конкурс жана түз берүү) 0,7-1,0 га коюлсун жана жергиликтүү эл алгандан кийин, чет жактан келгендерге берилсин.
4. АЖМФ жерлеринен талап кылынбаган жер участкаларын түз берүү жагы менен гектары чектелбеген аянттарына жеңилдетилген баалар менен берилсин.
5. Дөбөлү айыл аймагынын жер жана турак жай боюнча комиссиясынын 2023-жылдын 5-апрель айындагы отурумунун № 4-токтому бекитилсин.
6. АЖМФ жерлери ижарага тоорук (аукцион, конкурс жана түз берүү) жагы 2023-жылдын 25-апрелинде Дөбөлү айылындагы маданият үйүндө өткөрүлсүн.
7. К. Абиров орто мектебине «Лоток» участкасынан 0,72 га, Алыш орто мектебине 2,0 га, «Бала-Нур» бала бакчасына 1,0 га «Төрт-Күл» участкасынан,Ө. Токтосунов орто мектебине «Кормацех» участкасынан 1,5 га айдоо жер ижарага түз берилсин.
8. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 17-декабрындагы №309 “Айыл чарба кооперативдерин, үрөнчүлүк жана асыл тукум чарбаларын өнүктүрүү жөнүндө”токтомуна ылайык ижарага берилбей калган мамлекеттик фондунун жерлеринен Нарын райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын келишими менен айыл аймактагы субьекттерге бир жылдык мөөнөткө ижарага келишим менен түз берилсин.
9. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жер адиси Б. Токталиевге тапшырылсын.
10. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А. Бектемировго тапшырылсын.
Төрага:
К. Субанбеков
Тиркеме 1
Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кенешинин 2023-жылдын 5-апрель айынын XXVIII- чакырылышынын кезексиз сессиясынын № 26/1 токтому менен бекитилди
Нарын облусундагы Нарын районунун Дөбөлу айыл өкмөтүндөгү Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү боюнча Жер комиссиясынын ишинин
РЕГЛАМЕНТИ
1. Жалпы жоболор
2. Жер комиссиясын түзүү тартиби
3. Жер комиссиясынын иш милдеттери
4. Жер комиссиясынын отурумун уюштуруу жана өткөрүү тартиби
1.Жалпы жоболор
1.1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңештин 2007-жылдын 29-июнундагы №1997-III бекиген токтому менен бекитилген «Айыл чарба жерлерин мамлекеттик фондунан жерлерин» ижарага берүү тартиби жана шарттары жөнүндөгү» типтүү жобого, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы №571 бекиген токтомуна, ушул Регламентке жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык ишке ашырат.
2.Жер комиссиясынын түзүү тартиби
2.1. Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү максатында айыл өкмөтү 7 адамдан кем эмес санда Жер комиссиясын түзөт, анын курамына жергиликтүү кеңештин 5төн кем эмес депутаты кирет.
Айыл өкмөтүнүн башчысы Комиссиясынын курамына кызматы боюнча кирет. Жер комиссиясынын курамына ошондой эле айыл башчылары, коомчулуктун жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү кириши мүмкүн. Жер комиссиясынын курамына кирген депутаттардын комиссиянын төрагасы шайланат. Жер комиссиясынын катчысы болуп айыл өкмөтүнүн катчысы дайындалат. Жер комиссиясынын курамына райондук архитектура жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалынын өкүлдөрү кириши мүмкүн.
2.2. Райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын өкүлү Жер комиссиясынын отурумдарына Байкоочу катары катышканга укуктуу.
2.3. Жер комиссиясынын курамы айылдык кеңеш тарабынан бекитилет.
2.4. Жер комиссиясынын ишин уюштуруучулук камсыздоону жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы жүргүзөт.
3. Жер комиссиясынын иш милдеттери
3.1.Жер комиссиясы төмөнкү иш милдеттерди ишке ашырат:
- аукционду өткөрүү датасын, ордун жана тартибин аныктайт;
- лотторду түзөт;
- ижара акысынын баштапкы же белгиленген өлчөмүн аныктайт;
- конкурстун шарттарын аныктайт;
- кепилдик төлөмдүн өлчөмүн аныктайт;
- лоттордун чегараларын аныктайт;
- ар бир лот боюнча баштапкы ижара акысынын өлчөмүн аныктайт;
- ар бир лот боюнча ижара мөөнөтүн аныктайт;
- ар бир лот боюнча аукциондун «кадамынын» өлчөмүн аныктайт;
- ижара акысын төлөө формаларын жана мөөнөттөрүн аныктайт;
- талапкерлерге аукционго катышууга укук берүү (же уруксат берүүдөн баш тартуу) жөнүндө чечим кабыл алат;
- аукцион өткөрүүгө катышат;
- конкурсту өткөрөт;
- тооруктун жыйынтыктарынын протоколуна кол коет;
- кабыл алган арыздардын жана аларга тиркелген документтердин КРнын колдонулуудагы мыйзамдарына ылайык ижарачыга коюлуучу талаптарга жооп берерин текшерет;
- тоорук өткөрүү жол-жобосу менен байланышкан бардык талаш маселелерди чечет;
- КР мыйзамдары менен белгиленген башка иш милдеттерди аткарат;
3.2.Жер комиссиясы төмөнкүлөргө укуктуу:
- мамлекеттик администрациянын тиешелүү кызматтарынан, бөлүмдөрүнөн жана чарбакер субъектилерден документтерди, корутундуларды, экспертиза актыларын жана отурумдарда каралуучу маселерге тиешеси бар башка материалдарды алганга;
- эксперттерди, анын ичинде көз каранды эмес эксперттерди, тиешелүү корутундуларды даярдоо боюнча ишке тартканга;
- өз ишмердиги жөнүндөгү материалдарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялаганга;
4.Жер комиссиясынын отурумун уюштуруу жана өткөрүү тартиби
4.1. Жер комиссиясы өз ишмердигин отурумдар түрүндө ишке ашырат. Отурумдардын жыйынтыктарына протокол толтурат, ага Жер комиссиясынын катчысы, төрагасы жана башка бардык катышкан мүчөлөрү кол коет.
4.2. Жер комиссиясынын отуруму Комиссиянын төрагасы аныктаган күндөрү өткөрүлөт.
4.3. Жер комиссиясынын отурумун Жер комиссиясынын төрагасы өткөрөт.
4.4. Жер комиссиясынын отуруму эгерде ага жалпы мүчөлөрүнүн үчтөн экисинен кем эмеси катышса чечим кабыл алганга укуктуу болуп эсептелет.
4.5. Жер комиссиясынын чечими ачык добуш берүү аркылуу катышкандардын көпчүлүгүнүн жөнөкөй добушу менен кабыл алынат. Добуштар тең болуп калганда, төрагалык кылуучунун добушу чечүүчү болот.
4.6. Жер комиссиясынын мүчөсү түздөн-түз каржылык жактан кызыктар же арызы каралып жаткан адамга туугандык мамиледе болсо, Жер комиссиянын мындай мүчөсү бул маселени караганга жана ал боюнча чечим кабыл алганга катышууга укуктуу эмес.
4.7. Жер комиссиясынын мүчөлөрүнө боло турган отурум жөнүндө аукцион өткөргөнгө 3 күн калганга чейин билдирет.
4.8. Отурумдун башында Жер комиссиясынын төрагасы талкууланып жаткан маселенин мүнөзүнө жана ыйгарым укуктуу органдардан жана эксперттерден түшкөн расмий корутундулардын мазмунуна жараша иштөө тартибин аныктайт
Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмотүнүн жер жана турак жай комиссичсынын Отурумунун
№ 4 - ТОКТОМУ
05.04. 2023-жыл Дөбөлү айылы
Комиссиянын төрагасы- Мамытов Алай
Катышкандар: Комиссиянын төрага
Мамытов Алай
Мүчөлөрү;-
Касымова Жайна
Токталиев Бердибек
Курманов Жаныбек
Алымбаев Жыргалбек
Байбосунов Рахат
Нарынбек уулу Тыныбек
Султанов Жаныбек
Шеримбаев Нурбек
Каралуучу маселе:
«Айыл чарба жерлерин мамлекеттик фондунан жерлерин» ижарага берүү” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңештин 2007-жылдын 29-июнундагы №1997-III бекиген токтомундагы «Айыл чарба жерлерин мамлекеттик фондунан жерлерин» ижарага берүү тартиби жана шарттары жөнүндөгү» типтүү жобонун, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы №571 бекиген токтомунун жана Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнө тийешелүү «Айыл чарба жерлерин мамлекеттик фондунан жерлерин» ижарага берилген, келишими бүткөн жерлерди кайра берүү максатында Дөбөлү айыл аймагынын айылдык депутаттар Кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1. Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнө тийешелүү «Айыл чарба жерлерин мамлекеттик фондунан жерлерин» ижарага берилген, келишими бүткөн жерлери кайра ижарага берилсин.
2. АЖМФ жерлери ижарага берүү боюнча Жер комиссиясынын ишинин РЕГЛАМЕНТИ бекитилсин.(тиркеме тиркелет)
3. АЖМФ жерлери ижарага тоорукка (аукцион, конкурс жана түз берүү) 0.7-1,0 га коюлсун жана жергиликтүү эл алгандан кийин, чет жактан келгендерге берилсин
4. АЖМФ жерлеринен талап кылынбаган жер участкаларын түз берүү жагы менен гектары чектелбеген аянттарына жеңилдетилген баалар менен берилсин.
5. Дөбөлү айыл аймагынын жер жана турак жай боюнча комиссиясынын 2023-жылдын 5-апрель айындагы отурумунун № 4 токтому бекитилсин.
6. АЖМФ жерлери ижарага тоорук (аукцион, конкурс жана түз берүү) жагы 2023-жылдын 25-апрелинде Дөбөлү айылындагы маданият үйүндө, саат 10-00дө, өткөрүлсүн.
7. К. Абиров орто мектебине «Лоток» участкасынан 0,72 га, Алыш орто мектебине 2,0 га, «Бала-Нур» бала бакчасына 1,0 га «Төрт-Күл» участкасынан,Ө. Токтосунов орто мектебине «Кормоцех» участкасынан 1,5 га айдоо жер ижарага түз берилсин.
8. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 17-декабрындагы №309 “Айыл чарба кооперативдерин, үрончүлүк жана асыл тукум чарбаларын өнүктүрүү жөнүндө”токтомуна ылайык ижарага берилбей калган мамлекеттик фондунун жерлеринен Нарын райондук агрардык өнүктүрүү башкармалынын келишими менен айыл аймактагы субьекттерге бир жылдык мөөнөткө ижарага келишим менен түз берилсин.
9. Бул токтомду бекитүү жагы Дөбөлү айыл аймагынын айылдык депутаттар Кеңешинен суралсын.
Комиссиянын төрага
Мамытов Алай
Мүчөлөрү;-
Касымова Жайна
Токталиев Бердибек
Курманов Жаныбек
Алымбаев Жыргалбек
Байбосунов Рахат
Нарынбек уулу Тыныбек
Султанов Жаныбек
Шеримбаев Нурбек
Тиркеме 1
Дөбөлү айыл аймагынын жер жана турак жай комиссиясынын 2023-жылдын 5-апрелиндеги № 4 токтомуна
АУКЦИОНГО КОЮЛУУЧУ ЛОТТОРДУН ТИЗМЕСИ (2023-жыл)
№ п\п
Лоттун номери
Контурдун номери (аймактын аталышы)
Жер участогунун аянты жана жерлердин курамы (га)
Ижара мөөнөтү
Баштапкы ижара акыснын өлчөмү 1,0га (сом)
Кепилдик төлүн өлчөмү (сом) 20%
Аукциондун кадамы (сом) 20%
Ижара акысынын төлөө формалары жана мөөнөттөрү: сервитуттун болушу же жоктугу
Жылдык жер салыгынын төлөөнүн өлчөмү 1,0га (сом)
Соцфондго жылдык төлөөнүн өлчөмү (сом)
1
Лот №1
№1525 «Бурган-Суу»
1,0
01.04.2023ж-01.04.2028ж
1900
380
300
Акчалай 20% ижара келишими кол коюлганда 20-апрелде, 25% 25-августа жана 55% 25-ноябрга чейин
196
2
Лот №2
№1334 «Куу-дөңгөч»
0,2
01.04.2023ж-01.04.2028ж
400
80
80
-«-
39
3
Лот №3
№1339 «Куу-дөңгөч»
0,8
01.04.2023ж-01.04.2028ж
1600
320
300
-«-
157
4
Лот №4
№1276 «Алма-Күчүк»
1,0
01.04.2023ж-01.04.2028ж
2500
500
500
-«-
196
5
Лот №5
№1276 «Алма-Күчүк»
1,0
01.04.2023ж-01.04.2028ж
2500
500
500
-«-
196
6
Лот №6
№1276 «Алма-Күчүк»
1,0
01.04.2023ж-01.04.2028ж
2500
500
500
-«-
196
7
Лот №7
№1276 «Алма-Күчүк»
1,0
01.04.2023ж-01.04.2028ж
2500
500
500
-«-
196
8
Лот №9
№442,588 «Тай-Сарай»
0,7
01.04.2023ж-01.04.2028ж
1500
300
300
-«-
137
9
Лот №10
№442,588 «Тай-Сарай»
0,7
01.04.2023ж-01.04.2028ж
1500
300
300
-«-
137
10
Лот №11
№442,588 «Тай-Сарай»
0,7
01.04.2023ж-01.04.2028ж
1500
300
300
-«-
137
11
Лот №12
№442,588 «Тай-Сарай»
0,7
01.04.2023ж-01.04.2028ж
1500
300
300
-«-
137
12
Лот №13
№442,588 «Тай-Сарай»
0,7
01.04.2023ж-01.04.2028ж
1500
300
300
-«-
137
13
Лот №14
№442,588 «Тай-Сарай»
0,7
01.04.2023ж-01.04.2028ж
1500
300
300
-«-
196
14
Лот №15
№442,588 «Тай-Сарай»
0,7
01.04.2023ж-01.04.2028ж
1500
300
300
-«-
137
15
Лот №16
№442,588 «Тай-Сарай»
0,7
01.04.2023ж-01.04.2028ж
1500
300
300
-«-
137
16
Лот №17
№442,588 «Тай-Сарай»
0,7
01.04.2023ж-01.04.2028ж
1500
300
300
-«-
137
17
Лот №18
№442,588 «Тай-Сарай»
0,7
01.04.2023ж-01.04.2028ж
1500
300
300
-«-
137
18
Лот №19
№442,588 «Тай-Сарай»
0,7
01.04.2023ж-01.04.2028ж
1500
300
300
-«-
137
19
Лот №20
№442,588 «Тай-Сарай»
0,7
01.04.2023ж-01.04.2028ж
1500
300
300
-«-
196
20
Лот №21
№442,588 «Тай-Сарай»
0,7
01.04.2023ж-01.04.2028ж
1500
300
300
-«-
137
21
Лот №22
№442,588 «Тай-Сарай»
0,7
01.04.2023ж-01.04.2028ж
1500
300
300
-«-
137
22
Лот №23
№442,588 «Тай-Сарай»
0,7
01.04.2023ж-01.04.2028ж
1500
300
300
-«-
137
23
Лот №24
№442,588 «Тай-Сарай»
0,7
01.04.2023ж-01.04.2028ж
1500
300
300
-«-
137
24
Лот №28
№447 «Чычырканак»
1,3
01.04.2023ж-01.04.2028ж
2000
400
300
-«-
294
25
Лот №29
№129 «Көк-Айгыр»
1,0
01.04.2023ж-01.04.2028ж
1500
300
300
-«-
196
26
Лот №30
№129 «Көк-Айгыр»
1,0
01.04.2023ж-01.04.2028ж
1500
300
300
-«-
196
27
Лот №31
№129 «Көк-Айгыр»
1,0
01.04.2023ж-01.04.2028ж
1500
300
300
-«-
196
28
Лот №32
№129 «Көк-Айгыр»
1,0
01.04.2023ж-01.04.2028ж
1500
300
300
-«-
196
Баары
22,52
Төрага
А. Мамытов
Мүчөлөрү;-
Ж. Касымова
Б. Токталиев
Ж. Курманов
Ж. Алымбаев
Р. Байбосунов
Нарынбек уулу Т.
Ж. Султанов
Н. Шеримбаев
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 50 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 3 · цитируется в 0 · связанные 0
Ссылается на (3)
- Постановление Правительства КР от 23 сентября 2011 года № 571 "Об утверждении Типового положения о порядке и условиях возмездного предоставления прав собственности или аренды на…Постановление · 23.09.2011 · № 571
- Постановление Кабинета Министров КР от 17 декабря 2021 года № 309 "О развитии сельскохозяйственных кооперативов, семенных и племенных хозяйств"Постановление · 17.12.2021 · № 309
- Постановление Жогорку Кенеша КР от 29 июня 2007 года № 1997-III "Об утверждении Типового положения об условиях и порядке предоставления в аренду земель Фонда перераспределения…Постановление · 29.06.2007 · № 1997-III