Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Кочкор айыл аймагынын айылдык кеңешинин «Кочкор айыл аймагынын Кочкор айыл өкмөтүнүн көрктөндүрүү, жашылдандыруу, тазалыкты сактоо боюнча эрежелерди бекитүү жөнүндө» токтому
КОЧКОР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
Депутаттардын VII чакырылышынын Кочкор айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз XXVI сессиясы 2023-жылдын 11-марты № 26/5 Кочкор айыл аймагынын Кочкор айыл өкмөтүнүн көрктөндүрүү, жашылдандыруу, тазалыкты сактоо боюнча эрежелерди бекитүү жөнүндө Кочкор айылдык кеңешинин кезексиз XXVI сессиясында күн тартибиндеги Кочкор айыл аймагынын Кочкор айыл өкмөтүнүн көрктөндүрүү, жашылдандыруу, тазалыкты сактоо боюнча типтүү эрежени бекитүү жөнүндө Кочкор айыл өкмөтүнүн орун басары Т.Абдылдаевдин сунушун угуп, талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү» №123-мыйзамынын 39-беренесинин негизинде, Кочкор айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Кочкор айыл аймагынын Кочкор айыл өкмөтүнүн көрктөндүрүү, жашылдандыруу, тазалыкты сактоо боюнча эрежеси кошумча алымчасы менен бекитилсин. (тиркеме тиркелет).
2.Кочкор айыл аймагынын Кочкор айыл өкмөтүнүн көрктөндүрүү, жашылдандыруу, тазалыкты сактоо боюнча эрежесин каттоо боюнча тийиштүү документтерди даярдоо Кочкор айыл өкмөтүнүн башчысы М.М.Исраиловго милдеттендирилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу регламент, депутаттык этика, мандат, укук жана мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төраганын орун басары
Н.Сакыева
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 0 · цитируется в 0 · связанные 1
Связанные документы (1)
По данным источника (cbd.minjust.gov.kg), без указания, кто на кого ссылается.