Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Дара айыл аймагынын айылдык кеңешинин «Баткен токой чарбасынын жайыт акысынын тарифин бекитип берүү жөнүндө» токтому
ДАРА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
Дара айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезектеги XVI сессиясы 2023-жылдын 28-февралы № 7 Баткен токой чарбасынын жайыт акысынын тарифин бекитип берүү жөнүндө Баткен токой чарбасынын жыйытына чыгуучу Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүнө караштуу мал башына төлөнүүчү тарифти бекитип берүү жөнүндө даярдалган маалыматын угуп жана талкуулап, Дара айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу малдар Баткен токой чарбасынын жайытына чыгуучу мал башына жайыт акыларынын тарифин төрт ай үчүн уйга 35сом, музоого 10сом, жылкыга 30сом, кой-эчкиге 10 сом, топоздорго 35сом, болуп бекитилсин жана козу-улактарга, мамалактарга жайыт акы алынбасын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн жайыт камитетинин башчысы К.Нуридиновкко милдеттендирилсин.
Айылдык кеңешинин төрайымы
Р.Сайкалова
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 0 · цитируется в 0 · связанные 1
Связанные документы (1)
По данным источника (cbd.minjust.gov.kg), без указания, кто на кого ссылается.