# Сары-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2023-жылдын 06-октябры № 4/22 "Айыл аймагында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү ырым-жырымдарын өткөрүүнүн тартиби жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Сары-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2023-жылдын 06-октябры № 4/22 "Айыл аймагында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү ырым-жырымдарын өткөрүүнүн тартиби жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 4/22
- Дата принятия: 06.10.2023
- Статус: Действует
- Редакция от: 06.10.2023
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/179315>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-15262/edition/1290458/ru>

> Текст приведён по редакции от 06.10.2023 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Сары-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2023-жылдын 06-октябры № 4/22 "Айыл аймагында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү ырым-жырымдарын өткөрүүнүн тартиби жөнүндө" токтому (ред. от 06.10.2023) - https://aqlex.ai/kg/doc/179315

---

CАРЫ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

Депутаттардын VII чакырылышынын Сары-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз IV сессиясынын

2023-жылдын 06-октябры № 4/22

Айыл аймагында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү ырым-жырымдарын өткөрүүнүн тартиби жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин 24-февраль 2022-жылдагы ПЖ №54 Жарлыгын жетекчиликке алып Сары-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы «Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарды тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө» ПЖ №54 Жарлыгы аткарууга алынсын.

2. Сары-Булак айыл аймагынын аймагында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү ырым-жырымдарын өткөрүүнүн тартиби жөнүндө Жобо 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы М. Асанбаевге милдеттендирилсин.

Тѳрага:

А. Зарылбек уулу
