# Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин 2023-жылдын 05-октябрындагы № 24-1 "Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча өкүлчүлүктүү жыйындарды уюштуруу жана өткөрүү жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин 2023-жылдын 05-октябрындагы № 24-1 "Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча өкүлчүлүктүү жыйындарды уюштуруу жана өткөрүү жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 24-1
- Дата принятия: 05.10.2023
- Статус: Действует
- Редакция от: 05.10.2023
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/179241>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-15207/edition/1289988/ru>

> Текст приведён по редакции от 05.10.2023 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин 2023-жылдын 05-октябрындагы № 24-1 "Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча өкүлчүлүктүү жыйындарды уюштуруу жана өткөрүү жөнүндө" токтому (ред. от 05.10.2023) - https://aqlex.ai/kg/doc/179241

---

КЫЗЫЛ-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезексиз XXIV сессиясынын

2023-жылдын 05-октябрындагы № 24-1

Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча өкүлчүлүктүү жыйындарды уюштуруу жана өткөрүү жөнүндө Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезексиз XXIV сессиясы күн тартибиндеги: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-августундагы “Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө” № 215-Жарлыгын ишке ашыруу максатында Элдик Курултайды өткөрүү жана делегаттарды шайлоо боюнча координациялоо боюнча уюштуруу комитетинин 2023-жылдын 6-сентябрындагы № 1-чечими менен бекитилген жергиликтүү жамаатардын өкүлчүлүктүү жыйындарын өткөрүү боюнча тийешелүү аймакты бөлүктөргө бөлүү чечими боюнча түшүндүрмөнүн, Элдик Курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча иш-чаралар календардык планынын жергиликтүү кеңештерге тийиштүүлүгүн аткаруу боюнча”, “Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча өкүлчүлүктүү жыйындарды уюштуруу жана өткөрүү жөнүндөгү” маселени карап чыгып, талкуулап токтом кылат:

I. Айылдык аймактын өкүлчүлүктүү жыйыны 2023-жылдын 18-ноябрь күнү саат 10-00 гө айыл өкмөтүнүн кеңсесинде өткөрүлсүн.

Айылдык аймактын өкүлчүлүктүү жыйынына катышуучу өкүлдөрдү саны 200 болуп, айылдар боюнча төмөнкүдөй санда көрсөтүлсүн:

1

Керме-Тоо айылынан -

20

2

Коммунист айылынан -

20

3

Кызыл-Байрак айылынан -

10

4

Ишкаван айылынан -

20

5

Кызыл-Кыштак айылынан -

60

6

Андижан айылынан -

25

7

Жаңы-Турмуш айылынан -

25

8

Сүрөттүү-Таш участкасынан -

20

II. Айылдык аймактын өкүлчүлүктүү жыйынына катышуучу өкүлдөрдү көрсөтүү боюнча жергиликтүү жамаатардын жыйындырын өткөрүү боюнча графиги, калктуу конуштар боюнча төмөнкүдөй болуп бекитилсин:

1. Керме-Тоо айылында – 16-октябрь күнү саат 14:00 дө, Ы.Насыров атындагы орто мектепте;

2. Коммунист айылында – 17-октябрь күнү саат 14:00 дө, айылдык клубда;

3. Кызыл-Байрак айылында – 18-октябрь күнү саат 10:00 дө, М.Маматалиев атындагы орто мектепте;

4. Ишкаван айылында – 18-октябрь күнү саат 14:00 дө, К.Маткеримов атындагы орто мектепте;

5. Андижан айылында – 19-октябрь күнү саат 14:00 дө, Айбек атындагы негизги мектепте;

6. Кызыл-Кыштак айылында – 20-октябрь күнү саат 14:00 дө, М.Сабиров атындагы орто мектепте;

7. Сүрөттүү-Таш участкасында – 23-октябрь күнү саат 10:00 дө, Сүрөттүү-Таш негизги мектепте;

8. Жаңы-Турмуш айылында – 23-октябрь күнү саат 14:00 дө, айыл өкмөтүнүн кеңсесинде.

III. Калктуу конуштарда өкүлчүлүктүү жыйынды өткөрүүгө жооптуу депутаттардын тизмеси төмөнкүдөй болуп бекитилсин:

1. Керме-Тоо айылы боюнча: Камилов Ж. жана Камчиева Б.

2. Коммунист айылы боюнча: Мансуров И. жана Мирабитова Д.

3. Кызыл-Байрак айылы боюнча: Токторалиева О. жана Асылбеков К.

4. Ишкаван айылы боюнча: Мирзакаримова Г. жана Кадыров Т.

5. Андижан айылы боюнча: Алимов С., Номанов Д., Халматов Б. жана Рахимов И.,

6. Кызыл-Кыштак айылы боюнча: Сатвалдиев Д., Абдулазимов У., Умаралиева Д., Газиев М., Исамидинова М., Рахматуллаев Х., Ташбаева Р., Раимова Ё., Умаралиева Д., жана Турды Ахунова А.

7. Сүрөттүү-Таш участкасы боюнча: Хамдамов С. жана Джамалова О.

8. Жаңы-Турмуш айылы боюнча: Кимсанова М., Абдуллаева Д., Касимов А., Фазилов Р. жана Умурзаков Б.

IV. Айылдык аймактын өкүлчүлүктүү жыйынын уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топтун саны 11 адам болуп, төмөнкүдөй курамда бекитилсин:

1. Рахманова Д. – комиссиянын төрайымы;

2. Жоробаев Т. – комиссиянын катчысы.

Комиссиянын мүчөлөрү:

3. Мансуров И. – айылдык кеңештин төрайымынын орун басары;

4. Алимов К. – айылдык кеңештин төрайымынын орун басары;

5. Махмудов Д. – айылдык кеңештин депутаты;

6. Маматов А. – айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы;

7. Аширова Б. – айыл өкмөтүнүн ФЭБнин башчысы;

8. Максудова М. – Коммунист айылынын аялдар кеңешинин төрайымы;

9. Жоробаева О. – Ишкаван айылынын аялдар кеңешинин төрайымы;

10. Байназарова Ш. – жарандык коомдон;

11. Умурзаков А. – Жаңы-Турмуш айылынын айыл башчысы.

V. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.

Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин төрайымы

Д.Д.Рахманова
