# Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин 2023-жылдын 26-июлундагы № 27/94 "Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин аппаратына 1 штаттык бирдик бөлүп берүү жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин 2023-жылдын 26-июлундагы № 27/94 "Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин аппаратына 1 штаттык бирдик бөлүп берүү жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 27/94
- Дата принятия: 26.07.2023
- Статус: Действует
- Редакция от: 26.07.2023
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/179154>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-15140/edition/1288882/ru>

> Текст приведён по редакции от 26.07.2023 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин 2023-жылдын 26-июлундагы № 27/94 "Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин аппаратына 1 штаттык бирдик бөлүп берүү жөнүндө" токтому (ред. от 26.07.2023) - https://aqlex.ai/kg/doc/179154

---

КЫЗЫЛ–КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ 2023-жылдын 26-июлу № 27/94 Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин аппаратына 1 штаттык бирдик бөлүп берүү жөнүндө Күн тартибиндеги маселени талкуулап чыгып, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын 34-беренесине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-августундагы №452 токтомуна, шаардык кеңештин Бюджет, финансы, экономика жана инвестицияны тартуу боюнча туруктуу комиссиясынын 2023–жылдын 21-июнундагы № 49 протоколуна негиз, Кызыл-Кыя шаардык статистика бөлүмүнүн жетекчиси Ж.Алимовдун 2023-жылдын 30-майындагы №01-08/60 катында көрсөтүлгөндөй Кызыл-Кыя шаарынын калкынын саны 60 миң адамдан ашкандыгын эске алып, Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-августундагы №452 токтомуна негиз 2023-жылдын 1-августунан тартып Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин аппаратына кошумча 1(бир) штаттык бирдик (жетектөөчү адис кызматы) бөлүнүп берилсин.

2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин Бюджет, финансы, экономика жана инвестицияны тартуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Төрага

Ж.Калматов
