# Раззаков шаардык кеңешинин 2022-жылдын 12-августундагы № 2 "Раззаков шаарына караштуу жер тилкелерин бир категориядан экинчи бир категорияга которууга (трансформациялоо) макулдук берүү жана трансформация болуучу жерлердин программасын бекитүү жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Раззаков шаардык кеңешинин 2022-жылдын 12-августундагы № 2 "Раззаков шаарына караштуу жер тилкелерин бир категориядан экинчи бир категорияга которууга (трансформациялоо) макулдук берүү жана трансформация болуучу жерлердин программасын бекитүү жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 2
- Дата принятия: 12.08.2022
- Статус: Действует
- Редакция от: 12.08.2022
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/179137>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/179137/edition/1288480/ru>

> Текст приведён по редакции от 12.08.2022 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Раззаков шаардык кеңешинин 2022-жылдын 12-августундагы № 2 "Раззаков шаарына караштуу жер тилкелерин бир категориядан экинчи бир категорияга которууга (трансформациялоо) макулдук берүү жана трансформация болуучу жерлердин программасын бекитүү жөнүндө" токтому (ред. от 12.08.2022) - https://aqlex.ai/kg/doc/179137

---

РАЗЗАКОВ ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ РАЗЗАКОВ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКТЕГИ XIV СЕССИЯСЫ (VI чакырылышы) 2022-жылдын 12-августу № 2 Раззаков шаарына караштуу жер тилкелерин бир категориядан экинчи бир категорияга которууга (трансформациялоо) макулдук берүү жана трансформация болуучу жерлердин программасын бекитүү жөнүндө Раззаков шаарынын мэриясынын Раззаков шаарына караштуу жер тилкелерин бир категориядан экинчи бир категорияга которууга (трансформациялоо) макулдук берүү жана транформация болуучу жерлердин программасын бекитүү жөнүндөгү сунушун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Раззаков шаардык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XIV сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Самат айылынын №346-контурунан 1,0 га жайыт жер аянтын калктуу конушка которууга макулдук берүү жөнүндө;

2. Самат айылынын №346-контурундагы 2,0 га жайыт жерин өндүрүштүк багытка которуу;

3. Кароол-Доң участкасынын түндүк тарабындагы №1-контурундагы 0.40 га. айыл чарбасына жараксыз башка (прочий) жер тилкесин өндүрүштүк багытка которууга;

4. Кароол-Дөн участкасынын тундүк тарабындагы №1-контурундагы 0,35 га айыл чарбасына жараксыз башка (прочий) жер тилкесин өндүрүштүк багытка которууга;

5. Кароол-Дөн участкасынын тундүк тарабындагы №8-контурундагы 0,60 га айыл чарбасына жараксыз башка (прочий) жер тилкесин өндүрүштүк багытка которууга;

6. Кара-Булуң участкасынын №37 контурундагы 0,30 га башка жерлер (прочий) категориясынан өндүрүштүк багытка которуу менен короо-жай курууга;

7. Ак-чайыр участкасындагы №534-контурундагы 0,80 га бир категориядан экинчи бир категорияга которууга;

8. Раззаков шаарынын №535 контурунан мамлекеттик менчик жериндеги (ведение) 1,0 га жана мамлекеттик кайра бөлүштүрүү фондунун 12,0 га кайрак айдоо жерлеринин программасын бекитүү жана Раззаков шаарына караштуу Кароол-Дөң участкасынан жалпысынан 508,0 га (280,15 га жер аянты жайыт жери, 143,39 га жер аянты айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунан(АЖМФ) кайра айдоо жерлери, 84,46 га жер аянты айыл чарба жерлеринен мамлекеттик фондунун (АЖМФ) чөп чабынды жерлери) , Раззаков шаарынын жана шаарга караштуу айылдарынан 181,9 га (Мырза-Патча айылынын күн батыш тарабындагы №73 контурунан 3,6 га, Беш-Бала айылынын күн батыш тарабынан №289-290-контурунан 10,0 га, №454-контурунан 2,0 га. Кара-Таш айылынын күн чыгыш тарабынан №508-413-контурларынан 2,0 га. Раззаков шаарына караштуу Могол Тажикен участкасынын күн батыш тарабынан №725—726-контурларынан 21,2 га. Бөзөгүл участкасынан күн чыгыш тарабынан № 96-97-98-99-100-101-102-103-104-105-контурларынан 76,0 га, Тайлан айылынын түштүк чыгыш тарабынан №315-контурунан 4,7 га. Ак-Булак айылынын күн батыш тарабынан №820-контурунан 1,5 га, ушул эле айылдын күн чыгыш тарабынан №869 контурунан 3,3 га, түштүк тарабынан №837 контурунан 12,6 га жана №880-контурунан 3,0 га жер аянты. Голбо айылынын чыгыш тарабынан №913-1046контурунан 42,3 га) жер тилкелерин трансформациялоого макулдук берилсин жана программалары бекитилсин. (Программа тиркелет)

9. Раззаков шаарынан жана шаарга караштуу айылдарга караштуу 702,9 га жер тилкелерин трансформация болгондон кийин Раззаков шаарынын мэриясынын алдындагы жеке менчик турак үй куруу үчүн муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик жана укугун берүү боюнча жер комиссиясы жогоруда көрсөтүлгөн жер тилкелери боюнча жүргүзгөн иш-аракеттери боюнча маалыматын Раззаков шаардык кеңешинин алдындагы тиешелүү туруктуу комиссиясына кавартал сайын маалымат берип туруу жагы комиссияга милдеттендирилсин.

10. Жер тилкелерин мыйзамдаштырууда иш-кагаздарын жүргүзүү Кыргыз Республикасынын тиешелүү нормативдик-укуктук актыларына ылайыкташтыруу жагы Раззаков шаарынын мэриясына жүктөлсүн.

11. Ушул токтом шаардык кеңештин аппаратында каттоодон өткөрүлүп, Раззаков шаардык кеңешинин жана мэриясынын www.isfana.kg расмий сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

12.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Раззаков шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, айыл чарба, курулуш, жер, транспорт, коммуникация жана коммуналдык иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Төрага

Б.Т.Сапаев
