Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Ак-Татыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин «Ак-Татыр айыл аймагындагы ЖПБнин Жайыт комитетининУставын бекитүү жөнүндө» токтому
АК-ТАТЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
Ак-Татыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги II сессиясы
2023-жылдын 4-майы № 8
Ак-Татыр айыл аймагындагы ЖПБнин Жайыт комитетининУставын бекитүү жөнүндө
Ак-Татыр айыл аймагында Жайыт пайдалануучулар бирикмеси 2023-жылдын 3-мартындагы жыйынында “Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин Уставына” өзгөртүүлөрдү киргизүү протоколун, Ак-Татыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин жергиликтүү өз алдынча башкаруу өнүктүрүү, жалпыга маалымдоо каражаттары, коомдук уюмдар жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиянын отуруму 2023-жылдын 2-майындагы № 1 протоколун угуп карап чыгып Ак-Татыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги II сессиясы Токтом кылат
1. Ак-Татыр айыл аймагынын “Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин” жайыт комитетинин Уставына өзгөртүүлөр киргизилип бекитилсин.(Тиркемеси тиркелет).
2. Ушул токтомдун аткарылышы айыл аймагынын айылдык кеңешинин төраганын орун басарына жүктөлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Ак-Татыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин жергиликтүү өз алдынча башкаруу өнүктүрүү, жалпыга маалымдоо каражаттары, коомдук уюмдар жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Тиркеме; 10 баракта 3 нускада.
Төрага
Ысаков С.Б.
Төрага
Бекитем Ак-Татыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы; Ысаков С.Б. ______________ 2023-жылдын 4-майы Ак-Татыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги II сессиясынын №8 токтомуна тиркеме
Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2023-жылдын 03- марты Жалпы жыйынында бекитилген Протокол № 1
« Баткен облусунун Баткен районундагы Ак-Татыр айыл аймагынын Жайыт пайдалануучулар бирикмеси » Коомдук бирикменин У С Т А В Ы
2023- жыл, Ак-Татыр айылы
I. Жалпы жоболор
1.Ак-татыр айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмеси (мындан ары - ЖПБ) жергиликтүү жамаат тарабынан түзүлөт жана жайытты жакшыртуу жана аны пайдалануу боюнча ушул аймактык бирдиктин мал ээлери менен башка жайыт пайдалануучулардын кызыкчылыктарын коргойт.
Ак-татыр айыл аймагынын ЖПБсы – Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын жарандык кодексине, «Жайыттар жөнүндө», «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө», «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 10-октябрындагы № 625 токтомуна ылайык түзүлгөн, жайыт башкаруу жана пайдалануу маселелеринде өздөрүнүн демилгелерин жеке жоопкерчилик астында чечүү жана ишке ашыруу максатында уюштурулган тиешелүү айыл аймагында турган жарандардын өз алдынча түзүлгөн уюму.
2. ЖПБ Ак-татыр айыл аймагынын баардык жайыт пайдалануучуларынын жана жайыт пайдаланган коомдоштуктун кызыкдар тараптарынын ишин координациялоо, жөнгө салуу жана алардын кызыкчылыктарын коргоо үчүн түзүлөт.
3. ЖПБ Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Баткен районундагы айыл аймагында жайгашкан жана Ак-татыр айыл аймагынын бүткүл территориясында иштейт. ЖПБнын юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Баткен облусу, Баткен району, Ак-татыр айыл аймагы, Ак-татыр айылы, Т.Садыков көчөсү, үй № 57
4. ЖПБнын иштөө мөөнөтү – чектелген эмес.
5. ЖПБнын уюштуруу-укуктук формасы – коомдук бирикмеси
6.ЖПБнын менчик түрү – менчик.
7. ЖПБнын толук расмий аталышы:
· мамлекеттик тилде: Баткен облусунун, Баткен районунун, Ак-Татыр айыл аймагынын «Жайыт пайдалануучулар бирикмеси» Коомдук бирикмеси;
· расмий тилде: Общественное объединение «Объединение пастбищепользователей Ак-Татырского айылного аймака Баткенского района Баткенской области».
Органдын кыскартылган аталышы:
· мамлекеттик тилде: ЖПБ;
· расмий тилде: ОПП.
8. ЖПБ мамлекеттик каттоодон өткөндөн кийин юридикалык жактын статусуна, өзүнүн ишин жүргүзүү боюнча укуктарга жана милдеттерге ээ болот, соттордо доогер жана жоопкер катары чыгууга укуктуу.
9. ЖПБда мамлекеттик жана расмий тилдерде аталыштары түшүрүлгөн мөөрү, штампы, алыш-бериш эсептери жана башка банктык эсептери бар.
II. ЖПБнын айгарым укуктары
10. Тескөө укугунан тышкары, мамлекеттик жайыт жерлерин башкаруу үчүн жоопкерчилик жана контролдоо жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүп берилет.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жайыт башкаруу жана пайдалануу боюнча ыйгарым укуктардын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын тиешелүү ченемдик укуктук актысынын (жайыттын аянтын, инфраструктура объекттеринин саны жана абалы, ошондой эле башка зарыл болгон маалыматтарды көрсөтүү менен келишимдин же кабыл алуу жана өткөрүп берүү актысынын) негизинде жайыт пайдалануучулар бирикмесине берүүгө укуктуу.
11. Жогоруда көрсөтүлгөн ыйгарым укуктарга ылайык ЖПБ:
· жайыт пайдалануу менен байланышкан негизги көйгөйлөрдү аныктайт;
· жайыттын инфраструктурасы менен байланышкан көйгөйлөрдү табат жана жайыттын инфраструктурасын реабилитациялоого багытталган чакан долбоордук сунуштарды жергиликтүү коомдоштуктун мүчөлөрүнөн суратып алат жана аларды карап чыгат;
· көп жылдык, табигий чөптөрдүн үрөөнүн өндүрүп, жайыттардын күрдүүлүгүн көтөрөт жана үрөөнчүүлүк фонддорду негиздейт;
· жайыт башкаруу жаатында мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өткөрүп берген ыйгарым укуктарды ишке ашырат;
· Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген жана айыл аймагынын жайыттарын экологиялык, социалдык жана экономикалык өнүктүрүүгө багытталган иштерди аткарууга укуктуу.
12. Жайыттарды пайдалануу жайыт башкаруу жана пайдалануу боюнча жамааттык планга ылайык жүргүзүлөт. Жайытты мал жаюу үчүн пайдалануу жайыт билеттеринин негизинде жүргүзүлөт. Жайыттарды башка максаттарга пайдалануу, жайыттарды башка максаттарга пайдалануу жөнүндө келишимдин негизинде жүргүзүлөт.
III. ЖПБнын ресурстары
13. ЖПБнын мүчөлөрү ЖПБнын милдеттенмелери боюнча жооп бербейт, ал эми ЖПБ өзүнүн мүчөлөрүнүн милдеттенмелери боюнча жооп бербейт.
14. ЖПБнын мүлкү төмөнкүлөрдүн эсебинен түзүлөт:
· негизги каражаттардын, жүгүртүү каражаттарынын, ошондой эле ЖПБнын бухгалтердик балансында чагылдырылган финансы каражаттарынын;
· Кыргыз Республикасынын, ошондой эле чет мамлекеттердин жарандарынын жана юридикалык жактарынын акысыз, кайрымдуулук жана ыктыярдуу салымдарынын;
· ЖПБнын өндүрүштүк, экономикалык жана басма чыгаруу ишинен түшкөн кирешелердин;
· зайымдык каражаттардын, коммерциялык банктардын кредиттеринин жана башка кредиторлордун, анын ичинде чет өлкөлүк кредиторлордун;
· мамлекеттик бюджеттин каражаттарынын;
· гранттардын;
· турак жай жана турак жай эмес фондунун чарбалык объекттеринин, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардан жеке менчикке келип түшкөн финансылык, материалдык жана башка ресурстардын бөлүгүнүн;
· жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жеке менчикке өткөрүп берилген чарба объекттеринин, турак жай жана турак жай эмес фондунун, ошондой эле финансылык, материалдык жана башка ресурстардын;
· Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен тыюу салынбаган башка ресурстардын.
15. Эл аралык донорлордун финансылык каражаттарынын эсебинен алынган (сатып алынган) мүлк жана финансы каражаттары (айыл чарба техникасы, кеңсе жабдуулары ж.б.) айыл өкмөтү балансасынан ЖПБне башкарууга берилет жана ЖПБ колдонгон жайыттарды жакшыртууга жана башка максаттарына пайдаланылат.
16. Техниканы жана башка мүлктү пайдалануудан алынган финансы каражаттары айыл өкмөтүнүн бюджетине түшүп ЖПБнын бюджетине багытталат.
17. Жайыт комитет эл аралык донорлордун финансылык каражаттарынын эсебинен сатып алынган мүлктү жана техниканы пайдалануу үчүн келип түшкөн финансы каражаттарынын келип түшүшү жана айыл аймагында пайдаланылышы жөнүндө жалпы жыйында туруктуу негизде жыл сайын отчет берип туруусуна милдеттүү.
IV. ЖПБнын мүчөлөрүнүн укуктары жана милдеттенмелери
18. . Ак-татыр айыл аймагынын баардык тургундары, эрезеге жеткен жана аракетке жөндөмдүү жарандар ЖПБнын мүчөлөрү боло алышат.
19. Жайыт пайдалануучу жайыт билетти алгандан кийин жайыт пайдалануучулар бирикмесинин мүчөсүнүн статусуна ээ боло алат.
ЖПБнын мүчөлөрү чечүүчү добуш берүү укугу менен жергиликтүү коомдоштуктун мүчөлөрүнүн айылдык жалпы жыйынына (мындан ары жалпы жыйын) катышууга укуктуу.
20. ЖПБнын мүчөлөрү ЖПБнын баардык жыйындарынын протоколдору менен таанышууга жана ЖПБнын баардык чогулуштарына, ЖПБнын конкреттүү маселелери боюнча баардык коомдук угууларына катышууга, ошондой эле ЖПБнын иши менен байланышкан каалагандай маалыматты алууга укуктуу.
21. Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин мүчөлөрү ЖПБдан «Жайыттар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жоболорунун аткарылышын, ошондой эле ЖПБнын иши жөнүндө каалагандай маалыматты аларга берүүнү талап кылууга укуктуу.
22. Жайыт пайдалануучулар ЖПБнын алдында жайыт башкаруу жана пайдалануу боюнча жамааттык пландын аткарылышы үчүн жоопкерчилик тартат жана Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө кодексине ылайык белгиленген тартипте кабыл алынган жана күчүнө кирген жайыт жана чабындыларды башкаруу жана пайдалануу боюнча жамааттык планда белгиленген пайдалануу режимин бузуу үчүн жоопкерчиликке тартылышы мүмкүн.
23. Укук бузуулар үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (комиссиялар) тарабынан жоопкерчиликке тартуудан тышкары жайыт пайдалануучулар жайыт пайдалануу келишиминин шарттарын бузгандыгы үчүн сот тартибинде жоопкерчиликке тартылышы мүмкүн.
24. ЖПБнын мүчөлөрү төмөнкүлөргө милдеттүү:
- Кыргыз Республикасынын жер жана жаратылыш коргоо мыйзамдарынын талаптарын сактоого;
- жайыттарды жана алардын инфраструктураларын сарамжалдуу жана натыйжалуу пайдаланууну камсыздоого;
- ЖПБнын жана Жайыт комитетинин Жалпы жыйынынын чечимин аткарууга;
- жайыт пайдалануу үчүн акыны өз убагында төлөөгө, Жайыт комитетине мал башынын саны жөнүндө кабарлоого, өздөрүнүн малын эмдөөгө;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Уставга ылайык башка милдеттенмелерди аткарууга.
V. ЖПБны башкаруу органдары
25. ЖПБнын башкаруу органдары болуп Жалпы жыйын – жогорку башкаруу органы, аткаруучу комитет – Жайыт комитети, ошондой эле ЖПБнын ревизиялык комиссиясы – ревизиялык-контролдоочу орган эсептелет.
VI. ЖПБнын Жалпы жыйыны
26. Жалпы жыйын төмөнкү маселелер боюнча чечим кабыл алууга укуктуу:
· ЖПБнын Уставын кабыл алуу жана өзгөртүү;
· Жайыт комитетинин мүчөлүгүнө тиешелүү органдар тарабынан сунушталган айылдардын өкүлдөрүн (жайыт пайдалануучуларын), жергиликтүү кеңештин депутаттарын, айлана-чөйрө жана токой чарбасы маселеси боюнча ыйгарым укуктуу органдын өкүлүн, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын башчысын Жалпы жыйынга катышкандардын көпчүлүк добушу менен бекитүү;
· тиешелүү айыл аймагынын башчысынын сунушу боюнча альтернативдуу ыкманын негизинде жайыт пайдалануучулардын көпчүлүк добушу менен жайыт комитетинин төрагасын уч жылга шайлоо (ыйгарым укуктарын мөөнөтүнө чейин токтотуу);
· ЖПБнын жайыт комитетинин жана/же ревизиялык комиссиясынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнө чейин токтотуу төмөнкү учурларда мүмкүн:
- Эгер ЖПБнын жайыт комитети Кыргыз Республикасынын»Жайыттар жөнүндө» мыйзамын одоно бузса, тактап айтканда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын тийешелуу чечимдери жок жайыттарды башкарып жана пайдаланса (айылдык кеңештин токтому, ыйгарым укуктарын өткөрүп берүү жөнүндө келишим жана акт жоктугу).
- Жылдык пландын аткарылыбастыгы, себептуу учурларды кошпогондо.
· ЖПБнын жылдык бюджетин бекитүү;
· ЖПБнын жылдык отчетун бекитүү;
· ЖПБнын жылдык бухгалтердик балансын бекитүү;
· ЖПБнын мүлкүн түзүү жана пайдалануу жол-жоболорун бекитүү;
· ЖПБнын ишин токтотуу;
· ЖПБнын мүчөлөрүнүн кызыкчылыктары менен байланышкан башка маселелерди кароо.
27. Тиешелүү айыл аймакка кирген ар бир айылдан Жалпы жыйынга катышуучу делегаттар ар бир айылдын тургундарынын жалпы жыйынында шайланат.
28. Жалпы жыйынга катышуу үчүн ар бир айыл Жайыт комитетинин мүчөлөрү катары Жалпы жыйында бекитилген өзүнүн 5 өкүлдөрүн жана ЖПБнын 5 өкүлдөрүн айылдын тургундарынын кызыкчылыктарын коргоо үчүн Жалпы жыйынга жиберет. Жалпы жыйынга баардык жайыт пайдалануучулар ЖПБнын мүчөлөрү ошондой эле жергиликтүү кеңештин баардык депутаттары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысы катышат.
29. Баардык Жалпы жыйындар ачык-айкын даярдалат жана өткөрүлөт. Эрезеге жеткен жана аракетке жөндөмдүү, айылда туруктуу жашаган, малы бар жана жайыт пайдаланган баардык жарандар Жалпы жыйындарга жана шайлоолорго катышууга укуктуу. Ак-татыр айылынын территориясында жашабаган, бирок айылдын территориясында жеке менчик укугунда таандык болгон кыймылсыз мүлкү бар жана жергиликтүү бюджетке салык төлөгөн Кыргыз Республикасынын жарандары кеңеш берүүчү добуш укугу менен Жалпы жыйындын ишине катышууга укуктуу.
30. Жалпы жыйын жылына бир жолудан кем эмес өткөрүлөт. Жалпы жыйын Жайыт комитети дайындаган күнү өткөрүлөт. Кезексиз жыйындар Жайыт комитети тарабынан же ревизиялык комиссиянын суроо-талабы боюнча же болбосо Жалпы жыйындын 25% дан кем эмес делегаттарынын демилгеси боюнча чакырылышы мүмкүн.
31. Жайыт комитети Жалпы жыйындын делегаттарына өткөрүлө турган Жалпы жыйын тууралуу билдирүү жиберет. Билдирүү Жалпы жыйын башталганга чейин 10 күн мурун берилиши керек жана аны өткөрүү датасын, ордун жана күн тартибин аныкташы зарыл. Жалпы жыйын тууралуу расмий билдирүү айыл аймагынын территориясындагы ар бир айылда жайыт комитетинин маалыматтык тактасында, мектептин алдында же башка борбордук жерлерде аны өткөргөнгө чейин 10 (он) күн мурун билдирүү илиниши керек. Жалпы жыйынга жиберилген баардык делегаттар Жалпы жыйынды өткөрүү датасы жана орду тууралуу жеке кабарланышы керек. Ар бир айылдын делегаттары айылдын башчысы күбөлөндүргөн айылдын чогулушунун протоколунан көчүрмө берүү аркылуу өздөрүнүн ыйгарым укуктарын ырасташы зарыл.
32. Жалпы жыйын өткөрүү үчүн ЖПБнын мүчөлөрүнүн 2/3 санындагы кворумдун жана ар бир айылдын Жалпы жыйындагы делегатынын (ЖПБнын мүчөсү) жок дегенде биринин катышуусу зарыл. Кворум чогулбай калган учурда Жайыт комитети Жалпы жыйынды өткөрүүнүн жаңы датасын жана ордун дайындайт. Кайрадан чакырылган Жалпы жыйын кийинкиге калтырылган Жалпы жыйындан кийин 30 күндөн кечиктирбей өткөрүлүшү керек.
33. Жайыт комитетинин төрагасы Жалпы жыйынды чакырат жана күн тартибинин алгачкы эки маселеси боюнча төрагалык кылат. Күн тартибинин биринчи маселеси кворумдун санын жана ар бир айылдын Жалпы жыйындагы делегатынын жок дегенде биринин катышып отургандыгын аныктоо болуп эсептелет. Күн тартибиндеги экинчи пункт болуп Жалпы жыйындын төрагасын шайлоо саналат. Айыл аймагынын башчысы Жалпы жыйындын төрагасы боло албайт.
34. Жалпы жыйында жыйындын төрагасы жана катчысы шайланат. Катчы Жалпы жыйындын жүрүшүн документтештирет жана кеңири коомчулукка тааныштыруу үчүн жыйындын протоколун даярдайт. Протоколго Жалпы жыйындын төрагасы, эгер төрага жок болуп калган учурда төраганын орун басары жана катчы кол коюшу керек.
35. Жалпы жыйындын чечимдери Жалпы жыйында катышып отургандардын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат жана протокол түрүндө таризделет. Протоколдо Жалпы жыйын өткөрүлгөн датасы жана жери, ЖПБнын Жалпы жыйынга катышкандардын жалпы саны, аты-жөндөрү жана кабыл алынган чечимдер камтышы зарыл. Жалпы жыйындардын протоколдорунун көчүрмөлөрү маалыматтык такталарга жана калкты тааныштыруу үчүн жеткиликтүү болгон башка коомдук жерлерге чыгарылат. Протоколдун түп нускасы Жайыт комитетинин төрагасында сакталат.
VII. ЖПБнын аткаруучу органы
36. ЖПБнын аткаруучу органы – Жайыт комитети жайыт пайдалануучулар бирикмесинин учурдагы иштерине жетекчилик жүргүзөт жана Жалпы жыйындардын ортосундагы аралыкта ЖПБнын ишин башкаруу үчүн жоопкерчилик тартат. Жайыт комитети Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жана ушул Уставга Жалпы жыйындын өзгөчө укугуна киргендерден тышкары ЖПБнын баардык функцияларын жана милдеттерин аткарат.
37. Жайыт комитети жайыт пайдалануучулардын өкүлдөрүнөн, жергиликтүү кеңештин депутаттарынан, айлана-чөйрө жана токой чарба маселелери боюнча ыйгарым укуктуу органдын өкүлдөрүнөн, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын башчысынан турат, алар Жайыт комитетинин иши үчүн зарыл болгон ар түрдүү тармактардагы адистер болушу мүмкүн, айлана-чөйрө жана токой чарба маселелери боюнча ыйгарым укуктуу органдын өкүлдөрүн кошпогондо. Ушуну менен бирге Жайыт комитетинин мүчөлөрү катары калктын төмөнкүдөй үч тобунун өкүлдөрү кириши керек: аялдар (экиден кем эмес), жаштар жана чакан фермерлердин өкүлдөрү. Жайыт комитетинин мүчөлөрү үч жылдык мөөнөткө шайланат, бирок кайрадан кезектеги чексиз мөөнөттөргө шайланууга укуктуу.
38.Жайыт комитетинин мүчөлөрүнүн саны так болушу керек.
Айыл аймагынын башчысы кызмат орду боюнча жайыт комитетинин мүчөсү болуп эсептелет. Жайыт комитетинде айыл аймагынын территориясында жайгашкан ар бир айылдан учтөн тургуну бар. Ар бир айыл Жайыт комитетинде бирдей даражада көрсөтүлүшү керек жана Жайыт комитетинин мүчөлөрү айыл өкмөтүнүн кызматкерлери боло албайт. Айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши өзүнүн беш депутатын Жайыт комитетинин мүчөсү катары сунушталат, алар Жалпы жыйында бекитилет. Жайыт комитетинин мүчөсүнүн ыйгарым укуктарына ээ болгон жергиликтүү кеңештин депутаты анын жергиликтүү кеңештеги депутаттык мөөнөтү аяктагандан кийин Жайыт комитетинде милдеттерин аткарууну токтотот.
39. Жайыт комитетинин мүчөлөрү болуп эсептелген айылдын тургундары ар бир үч жылдык мөөнөттөн кийин тургундардын чогулушунда кайра шайланууга укуктуу.
40. Жайыт комитетинде айылдын өкүлү Жалпы жыйындын катышуучуларынын көпчүлүк добушу менен ыйгарым укуктардын мөөнөтү аяктаганга чейин өзүнүн милдетине шалаакылык мамиле кылуусунан улам же Жайыт комитетинин мүчөсү катары өзүнүн милдеттерин аткарбагандыгы үчүн алмаштырылышы мүмкүн. Жайыт комитетинин мүчөсү милдеттерин аткаруудан бошоп жаткан учурда, аны өкүл катары шайлаган айыл акыркы чечим кабыл алынганга чейин Жалпы жыйында өзүнүн пикирин билдирүүгө укуктуу.
41. Жайыт комитетинин ыйгарым укуктары:
- жайыт пайдалануу боюнча жамааттык планды иштеп чыгуу;
- жайыт пайдалануунун жылдык планын иштеп чыгуу;
- жайыт пайдалануу боюнча жамааттык пландын жана жайыт пайдалануунун жылдык планынын жоболорун ишке ашыруу;
- жайыттын абалына мониторинг жүргүзүү;
- жайыт пайдалануунун жылдык планына ылайык жайыт билеттерин берүү, ошондой эле жайыттарды башка максаттарга пайдалануу жөнүндө келишимдерди түзүү;
- жайыттарды пайдалануу үчүн акы белгилөө жана жыйноо, аларды жергиликтүү кеңеште милдеттүү бекитүү;
- өзүнүн ыйгарым укуктарынын алкагында жайыттарды пайдаланууга тийиштүү талаш-тартыштарды чечүү;
- жайыттарды жана башка ресурстарды пайдалануу үчүн акы төлөөдөн түшкөн, жайыт инфраструктурасына инвестиция катары жөнөтүлгөн, Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык аларды кармоого, башкарууга жана жакшыртууга жиберилген кирешелерди башкаруу;
- жайыт пайдалануучулардын Жалпы жыйынынын чечимдерин ишке ашыруу;
- жергиликтүү муктаждыктарды жана жайыт пайдалануунун артыкчылыктуу көйгөйлөрүн аныктоо аркылуу инвестициялык планды иштеп чыгуу;
- жайыт пайдалануучулар менен жайыт пайдалануу боюнча жамааттык планды жана жайыттын белгиленген аймактарында жайылган малдын санын талкуулоо;
- чакан долбоордук сунуштарды талкуулоо жана артыкчылыктарын аныктоо, артыкчылыктар боюнча бөлүштүрүлгөн чакан долбоорлор пакетин Жалпы жыйынга алып чыгуу;
- өздүк, же донорлор, мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары бөлүп берген финансы ресурстарын башкаруу;
- подкомитеттерди, комиссияларды жана башка жумушчу органдарды түзүү;
- бирикменин Жалпы жыйынынын өзгөчө компетенциясына киргизилген маселелерди кошпогондо, бирикменин учурдагы ишин жетектөөнүн башка маселелерин кароо жана чечүү.
42. Жайыт комитети өзүнүн ишинин баардык маселелери боюнча жайыт пайдалануучулардын Жалпы жыйынына отчет берет.
43. Бирикмеге кирген жайыт пайдалануучулардын төртүнчү бөлүгүнүн талабы боюнча жайыт комитетинин компетенциясына кирген баардык маселелер жайыт пайдалануучулардын Жалпы жыйынынын кароосуна чыгарылышы мүмкүн.
44. Өзүнүн функцияларын аткарууда Жайыт комитети төмөнкүдөй принциптерди карманат: ыктыярдуулук, мүчөлөрдүн тең укуктуулугу, ачыктык, ак ниеттүүлүк, мыйзамдуулук, ачык-айкындуулук, адилеттүүлүк, Кыргыз Республикасынын эмгек жөнүндөгү мыйзамын сактоо жана өз алдынча башкаруу.
45. Жаңы түзүлгөн Жайыт комитетинин уюштуруучулук жыйыны Жайыт комитетинин мүчөлөрү шайлануучу жана бекитилүүчү Жалпы жыйындан кийин түздөн-түз өткөрүлөт. Жайыт комитетинин биринчи жыйынында Жайыт комитетинин төрагасынын орун басары жана катчысы шайланат, кезектеги жыйындын датасы аныкталат, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын башчысы Жайыт комитетинин төрагасы же анын орун басары болуп шайлана албайт. Жайыт комитетинин катчысы Жалпы жыйындын катчысынын милдетин аткарат.
46. Кезектеги жыйын Жайыт комитетинин төрагасы тарабынан чакырылат, мында Жайыт комитетинин баардык мүчөлөрү жыйын өткөрүүгө чейин 7 (жети) күн мурун кабарланат. Кезексиз жыйындар Жайыт комитетинин үчтөн кем эмес мүчөсүнүн жазуу жүзүндөгү талабы боюнча чакырылат.
47. Жайыт комитетинин жыйыны 2/3 мүчөсү жана ар бир айылдын Жайыт комитетиндеги жок дегенде бир мүчөсү катышкан учурда укуктуу болуп эсептелет. Кворум жок болгон (катышуучулардын саны жетишпеген) учурда Жайыт комитети жыйын өткөрүлбөй калгандан кийин жыйынды 10 (он) күндөн ашпаган мөөнөткө жылдырат. Жайыт комитетинин чечимдери катышып отурган мүчөлөрүнүн жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Добуштар тең болуп калган учурда төраганын добушу чечүүчү болуп эсептелет.
48. Жайыт комитетинин төрагасынын компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
- Жайыт комитетинин жыйындарын өткөрүү;
- Жайыт комитетинин атынан мамлекеттик, коомдук жана башка уюмдарда чыгуу;
- ЖПБнын Жалпы жыйынынын жана Жайыт комитетинин тапшырмаларын аткаруу;
- өзүнүн иши боюнча ЖПБнын Жалпы жыйынынын жана Жайыт комитетинин алдында отчет берүү;
- ЖПБнын атынан алкактык макулдашууларга кол коюу;
- ЖПБнын атынан банктык эсеп боюнча кол коюу укугу бар болгон адам катары укуктарга жана милдеттенмелерге ээ;
- жайыт билетине кол коюу;
- ЖПБнын башка органдарынын компетенциясына кирбеген Жайыт комитетинин компетенцияларынын чектериндеги жана ушул Уставга каршы келбеген ыйгарым укуктарды аткаруу.
49. Эгерде төрага өзүнүн функциялык милдеттерин талаптагыдай аткарбаса, төраганын орун басары тиешелүү айыл аймагынын башчысынын сунушу боюнча жайыт пайдалануучулардын Жалпы жыйынындагы көпчүлүк добушу менен Жайыт комитетинин төрагасы шайланганга чейин төраганын милдеттерин аткарууну өзүнө алат.
Жайыт комитетинин мүчөсү өзүнүн милдеттерин Жайыт комитетинин мүчөсү катары же өзүнүн жарандык милдетин аткарууга шалаакылык мамилесинен улам гана мөөнөтүнө чейин Жалпы жыйындын көпчүлүк добушу менен чакыртып алынышы же алмаштырылышы мүмкүн. Жайыт комитетинин жаңы мүчөсү ЖПБнын кезектеги Жалпы жыйынында шайланат.
50. Жайыт комитетинин катчысы Жайыт комитетинин жыйындарынын, ошондой эле Жалпы жыйындын протоколун жүргүзөт жана ага тапшырылган баардык документтер үчүн жоопкерчилик тартат, ошондой эле өзүнүн кызмат ордуна ылайык башка функцияларды аткарат. Жайыт комитетинин жыйындарынын протоколдору айыл аймагынын территориясындагы ар бир айылда коомдук жерлердеги маалыматтык такталарга чыгарылат жана жыйын өткөрүлгөндөн кийин 10 (он) күндүн ичинде Жайыт комитетинин ар бир мүчөсүнө жиберилет.
51. Жайыт комитетинин төрагасынын кызмат ордуна талапкерге карата төмөнкүдөй квалификациялык талаптар коюлат:
-Айыл чарба багытындагы жогорку же орто кесиптик билими; -Үч жылдык айыл чарба чөйрөсүндөгү иш тажрыйбасы бар;
- жана башка талаптар.
VIII. Ревизиялык комиссия
52. Ревизиялык комиссия – бул ЖПБнын финансалык каражаттарын көзөмөлдөчү жана жылдык отчетторуна жана балансына сереп жүргүзүүчү жана алар боюнча корутунду иштеп чыгуучу ЖПБнын органы. Ал Жалпы жыйынга отчет берет жана корутундуларды жылына бир жолудан кем эмес Жалпы жыйындын кароосуна жана бекитүүсүнө киргизет.
53. Ревизиялык комиссия Жалпы жыйында 3 (үч) жылдык мөөнөткө шайланат. Ал жок дегенде үч мүчөдөн турат. Жайыт комитетинин мүчөлөрү жана алардын жакын туугандары ревизиялык комиссиянын мүчөлөрү боло алышпайт. Ревизиялык комиссиянын мүчөлөрүн кайра шайлоо Жалпы жыйындын делегаттарынын төрттөн бир бөлүгүнүн суроо-талабы боюнча өткөрүлүшү мүмкүн. Ревизиялык комиссиянын төрагасы Ревизиялык комиссиянын мүчөлөрү тарабынан өзүнүн курамынан шайланат.
IX. ЖПБнын ишин токтотуу
54. ЖПБнын иши төмөнкүдөй себептер боюнча токтотулушу мүмкүн:
· Жалпы жыйындын чечими боюнча жана Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинде, Кыргыз Республикасынын «Жайыттар жөнүндө», «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө», «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамдарында жана ушул Уставда каралган жол-жоболорго ылайык;
· Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында ылайык соттун чечими боюнча.
55. Жалпы жыйындын же соттун чечими боюнча жоюлган ЖПБнын мүлкү жана финансылык каражаттары дебитордук карыз төлөнгөндөн кийин ЖПБнын мүчөлөрүнүн ортосунда бөлүштүрүлбөйт. ЖПБга мүлктү жана финансылык ресурстарды оперативдүү башкарууга берген мекемелер же башка жактар менен түзүлгөн юридикалык макулдашуулардын алкагында мүлк жана финансылык ресурстар ушул мекемелерге жана жактарга кайтарып берилет. Мындай жобо колдонулбаган мүлк ушул Уставда каралган максаттарга пайдаланылат жана айыл өкмөтү тарабынан башкарылат.
X. Корутунду жоболор
56. Ушул Устав Кыргыз Республикасынын юстиция органдарында катталгандан кийин мыйзамдуу күчүнө кирет.
57. Ушул Уставга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү Бирикменин мүчөлөрүнүн Жалпы жыйынында чечим кабыл алынгандан кийин жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Уставда белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
58. Ушул Уставга жергиликтүү өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен жана Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына каршы келбеген шартында өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн.
59. ЖПБнин ишинин процессинде пайда болгон документтер «Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык пайдаланылат жана сакталат.
ЖПБнин ЖтК төрагасы_____________(колу) /_____________________________/(аты-жөнү)
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 1 · цитируется в 0 · связанные 0
Ссылается на (1)
- Постановление Правительства КР от 10 октября 2001 года № 625 "Об утверждении положений, регламентирующих деятельность органов территориального общественного самоуправления в…Постановление · 10.10.2001 · № 625 · Утратил силу