# Ак-Татыр айылдык кеңешинин 2023-жылдын 13-октябрындагы № 26 "Ак-Татыр айыл аймагы менен Самаркандек айыл аймагын бириктирүү жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Ак-Татыр айылдык кеңешинин 2023-жылдын 13-октябрындагы № 26 "Ак-Татыр айыл аймагы менен Самаркандек айыл аймагын бириктирүү жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 26
- Дата принятия: 13.10.2023
- Статус: Действует
- Редакция от: 13.10.2023
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/179060>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-15070/edition/1287226/ru>

> Текст приведён по редакции от 13.10.2023 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Ак-Татыр айылдык кеңешинин 2023-жылдын 13-октябрындагы № 26 "Ак-Татыр айыл аймагы менен Самаркандек айыл аймагын бириктирүү жөнүндө" токтому (ред. от 13.10.2023) - https://aqlex.ai/kg/doc/179060

---

АК-ТАТЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

Ак-Татыр айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз VI сессиясы

2023-жылдын 13-октябры № 26 Ак-Татыр айыл аймагы менен Самаркандек айыл аймагын бириктирүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18-ноябрындагы “Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшүн өркүндөтүү жана региондорду өнүктүрүү боюнча андан ары чаралар жөнүндөгү” ПЖ № 350 Жарлыгына негиз, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы “Жергилиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүүөз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренеси, Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 25-апрелиндеги № 65 “Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшү туралуу” мыйзамынын 12-бернесине ылайык жана Баткен районунун мамлекеттик администрациясынын 2023-жылдын 11-октябрындагы № 01-27/117 сандуу катын карап талкуулап чыгып Ак-Татыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз VI сессиясы

Токтом кылат

1. Ак-Татыр айыл аймагы менен Самаркандек айыл аймагын бириктирүү менен административдик-аймактык түзүлүштөрдүн маселелерин жана географиялык жайгашкан аймакты эске алуу менен бириктирилген айыл аймактардын административдик борбору Ак-Татыр айылы болуп макулдук берилсин.

2. Ак-Татыр айыл аймагы менен Самаркандек айыл аймагын бириктирүүдө айыл аймактын административдик аталышы “Орто-Боз” деп аталсын, Баткен райондук мамлекеттик администрациясына сунушталсын.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө өзүмө жүктөлсүн.

Төрага

Ысаков С.Б.
