# Сары-Булуң айылдык кеңешинин 2023-жылдын 26-июлундагы № 15 "Ижарага берилген жерлердин ижара акысын бекитүү жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Сары-Булуң айылдык кеңешинин 2023-жылдын 26-июлундагы № 15 "Ижарага берилген жерлердин ижара акысын бекитүү жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 15
- Дата принятия: 26.07.2023
- Статус: Действует
- Редакция от: 26.07.2023
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/179039>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/179039/edition/1286142/ru>

> Текст приведён по редакции от 26.07.2023 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Сары-Булуң айылдык кеңешинин 2023-жылдын 26-июлундагы № 15 "Ижарага берилген жерлердин ижара акысын бекитүү жөнүндө" токтому (ред. от 26.07.2023) - https://aqlex.ai/kg/doc/179039

---

САРЫ-БУЛУҢ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Сары-Булуң айылдык кеңешинин VIII- шайланышынын кезектеги чакырылышынын -XXII сессиясы 2023-жылдын 26-июлу № 15 Ижарага берилген жерлердин ижара акысын бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 22.08.1994-жылдагы № 632 токтомунун негизинде, үлүшкө берилген жерлерди инвентаризация жүргүзүүдө табылган жерлерди ижарага берүү жана ижара акысын бекитүү максатында Сары-Булуң айылдык кеңешинин VIII- шайланышынын кезектүү XXII сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ :

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 22.08.1994-жылдагы № 632 токтомунун негизинде, үлүшкө берилген жерлерди инвентаризация жүргүзүүдө табылган жерлерди ижарага берүү жана ижара акысын бекитүү туралуу айыл чарба, архитектура, транспорт жана экология комитетинин 25-июль 2023-жылдагы №3 протоколу жактырылып, каралган тарифтер бекитилсин.

2. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылар жөнүндө” Мыйзамына ылайык, Сары-Булуң айыл өкмөтүнүн расмий маалымат сайтына жарыялансын.

3. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Сары-Булуң айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Сары-Булуң айылдык кеңешинин этика, жаштар, спорт, маданият жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын.

Сары-Булуң айылдык кеңешинин төрайымы

Эпээва В.М.
