Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Сары-Булуң айылдык кеңешинин «Ижарага берилген жерлердин ижара акысын бекитүү жөнүндө» токтому
САРЫ-БУЛУҢ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Сары-Булуң айылдык кеңешинин VIII- шайланышынын кезектеги чакырылышынын -XXII сессиясы 2023-жылдын 26-июлу № 15 Ижарага берилген жерлердин ижара акысын бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 22.08.1994-жылдагы № 632 токтомунун негизинде, үлүшкө берилген жерлерди инвентаризация жүргүзүүдө табылган жерлерди ижарага берүү жана ижара акысын бекитүү максатында Сары-Булуң айылдык кеңешинин VIII- шайланышынын кезектүү XXII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 22.08.1994-жылдагы № 632 токтомунун негизинде, үлүшкө берилген жерлерди инвентаризация жүргүзүүдө табылган жерлерди ижарага берүү жана ижара акысын бекитүү туралуу айыл чарба, архитектура, транспорт жана экология комитетинин 25-июль 2023-жылдагы №3 протоколу жактырылып, каралган тарифтер бекитилсин.
2. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылар жөнүндө” Мыйзамына ылайык, Сары-Булуң айыл өкмөтүнүн расмий маалымат сайтына жарыялансын.
3. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Сары-Булуң айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Сары-Булуң айылдык кеңешинин этика, жаштар, спорт, маданият жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын.
Сары-Булуң айылдык кеңешинин төрайымы
Эпээва В.М.
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 0 · цитируется в 0 · связанные 1
Связанные документы (1)
По данным источника (cbd.minjust.gov.kg), без указания, кто на кого ссылается.