# Нариман айылдык кеңешинин 2023-жылдын 13-мартындагы № 15/9 "Үй-бүлөөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо тартиби жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Нариман айылдык кеңешинин 2023-жылдын 13-мартындагы № 15/9 "Үй-бүлөөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо тартиби жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 15/9
- Дата принятия: 13.03.2023
- Статус: Действует
- Редакция от: 13.03.2023
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/179017>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-15035/edition/1285656/ru>

> Текст приведён по редакции от 13.03.2023 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Нариман айылдык кеңешинин 2023-жылдын 13-мартындагы № 15/9 "Үй-бүлөөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо тартиби жөнүндө" токтому (ред. от 13.03.2023) - https://aqlex.ai/kg/doc/179017

---

НАРИМАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Нариман айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын кезектеги XV сессиясынын отуруму 2023-жылдын 13-марты №15/9 Үй-бүлөөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо тартиби жөнүндө “Үй-бүлөөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 1-августундагы №390 токтомунун негизинде Нариман айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ.

1. Үй- бүлөөлүк зомбулуктун алдын алуу максатында прафилактикалык иштер алынып барылсын жана үй- бүлөөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдарга жардам көрсөтүү жөнгө салынсын, аларга: укуктук, социалдык, медициналык, психологиялык жардам көрсөтүү уюштурулсун.

2. Нариман айыл өкмөтүнүн социалдык коргоо бөлүмү Үй- бүлөөлүк зомбулук жасаган адамдар үчүн зомбулук жүрүм турумун өзгөртүү боюнча типтүү оңдоп түзөө программасына карата методикалык сунуштарды белгиленген тартипте иштеп чыксын жана бекитсин.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Нариман айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Т.Токтосуновго жүктөлсүн.

Нариман айылдык кеңешинин төрайымы

Х.Ш.Артыкова
