# Жекенди айылдык кеңешинин 2023-жылдын 20-июлундагы № 31 "Жекенди айыл кеңешинин 16-июнь 2022-жылдагы № 28 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Жекенди айылдык кеңешинин 2023-жылдын 20-июлундагы № 31 "Жекенди айыл кеңешинин 16-июнь 2022-жылдагы № 28 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 31
- Дата принятия: 20.07.2023
- Статус: Действует
- Редакция от: 20.07.2023
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/178975>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-14995/edition/1285376/ru>

> Текст приведён по редакции от 20.07.2023 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Жекенди айылдык кеңешинин 2023-жылдын 20-июлундагы № 31 "Жекенди айыл кеңешинин 16-июнь 2022-жылдагы № 28 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому (ред. от 20.07.2023) - https://aqlex.ai/kg/doc/178975

---

ЖЕКЕНДИ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Жекенди айылдык кеңешинин депутаттарын жетинчи чакырылышынын он жетинчи кезектеги сессиясы 2023-жылдын 20-июлу № 31 Жекенди айыл кеңешинин 16-июнь 2022-жылдагы № 28 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Чоң-Алай районуна караштуу Жекенди айылдык аймагында жайгашкан Мукур жайлоосунан Бел жайлоосуна чейинки 4400 м аралыкты же жайыттын 2,64 га жер аянтын “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 13-беренесинин, Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлундагы “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө № 145 мыйзамынын жана 2014-жылдын 19-марты №169 “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби” жөнүндөгү убактылуу жобосуна ылайык жеке ишкер К.Анапияевдин Жекенди айыл кеңешинин 16-июнь 2022-жылдагы № 28 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизип берүү жөнүндөгү арызын карап жана талкуулап

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Жекенди айыл кеңешинин 16-июнь 2022-жылдагы № 28 токтомуна өзгөртүүлөр киргизилсин.

2. Чоң-Алай районуна караштуу Жекенди айылдык аймагында жайгашкан Мукур жайлоосунан Бел жайлоосуна чейинки 4400 м аралыкты же жайыттын 2,64 га аянтын “Турдумамат” дыйкан чарбасынын жер казынасынын көмүр кендерин иштетүүдө тейлөө максатында жол салуу үчүн “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга макулдук берилсин.

3.Жол салуу учурунда элге келтирилген чыгымдарды өз убагында калыбына келтирүү жагы “Турдумамат” дыйкан чарбасы тарабынан аткарууга алынсын.

4.Тийиштүү документтерди даярдоо жагы Жекенди айыл өкмөтүнүн жер маселелери боюнча башкы адис А.Маматовго милдеттендирилсин.

5.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы агрардык маселелер, азык- түлүк жана экология, жер жана жер реформасы боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Эшов Боронбайга тапшырылсын.

Төрага

А.Абдукалилов
