Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 50 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Ак-Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин «Ак-Сай айылынын Кактын сайы участкасынан, чек ара кызматына 8,0га жер аянтын убактылуу пайдаланууга ок атуу (стрельбище) үчүн бекитип берүү жөнүндө» токтому
АК-САЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Ак-Сай айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги ХХV сессиясы 2022-жылдын 25-апрели №114 Ак-Сай айылынын Кактын сайы участкасынан, чек ара кызматына 8,0га жер аянтын убактылуу пайдаланууга ок атуу (стрельбище) үчүн бекитип берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 4-июнундагы №67, 2009-жылдын 26-январындагы №29-,2009-жылдын 11-мартындагы №79-мыйзамынын редакциясына ылайык,КРнын жер кодексинин 13-беренесине ылайык, Баткен Райронунун мамлекеттик адмнистрациясынын 22.04.2022-жылдагы №17т сандуу буйругун ишке ашыруу, чек ара кызматкерлерине шарт түзүү жана чек араны бекемдөө максатында Ак-Сай айылдык кеңешинин V-чакырылышынын кезектеги ХХV-сессиясы токтом кылат:
1. Ак-Сай айыл өкмөтүнүн Таушкандык участкасындагы 1,0га жер аянтына 2022-аскер бөлүгүнө чек ара заставасын курууга макулдук берилсин.
2. Ушул токтомдун негизинде тийиштүү документтерди даярдоо жагы Ак-Сай айыл өкмөтүнүн башчысы А.Сабировго милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Сай айылдык кеңешинин айыл чарба, агро-өнөр жайы, жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, жаратылышты коргоо боюнча комиссия курамына жүктөлсүн.
Айылдык кеңешинин төрагасы:
А.Талиев
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 50 ответов ИИ в месяц - бесплатно.