Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Ак-Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин «Ак-Сай айыл өкмөтүнүн Ак-Сай айылына балдар аянтчасын куруу жөнүндө» токтому
АК-САЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Ак-Сай айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги ХХV сессиясы 2022-жылдын 25-апрели №113 Ак-Сай айыл өкмөтүнүн Ак-Сай айылына балдар аянтчасын куруу жөнүндө Кыргыз республикасынын 2005-жылдын 4-июнундагы №67, 2009-жылдын 26-январындагы №29, 2009-жылдын 11-мартындагы №79-мыйзамынын редакциясына ылайык КРнын Жер кодексинин 13-беренесине ылайык, CASSA-1000 долбоорунун алкагында Капчыгай айылына балдар аянтчасын куруп берүүсүнө шарт түзүп берүү максатында Ак-Сай айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XXV сессиясы токтом кылат:
1. Ак-Сай айыл өкмөтүнүн Ак-Сай айыл өкмөтүнүн имаратынын аймагынан 600м2 жана “Жакшылык” балдар бакчасынын имаратынын аймагынын 200м2, жалпы 800м2 жер аянтына CASSA-1000 долбоорунун алкагында балдар аянтчасын курууга макулдук берилсин.
2. Ушул токтомдун негизинде тийиштүү документтерди даярдоо жагы Ак-Сай айыл өкмөтүнүн башчысы А.Сабировго милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Сай айылдык кеңешинин айыл чарба, агро-өнөр жайы, жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, жаратылышты коргоо боюнча комиссия курамына жүктөлсүн.
Айылдык кеңешинин төрагасы:
А.Талиев
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.