# Ак-Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2022-жылдын 25-апрелиндеги № 112 "Ак-Сай айыл өкмөтүнүн Таушкандык участкасына 2022-аскер бөлүгүнө чек ара заставасын куруу үчүн жер аянтын бекитип берүүгө макулдук берүү жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Ак-Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2022-жылдын 25-апрелиндеги № 112 "Ак-Сай айыл өкмөтүнүн Таушкандык участкасына 2022-аскер бөлүгүнө чек ара заставасын куруу үчүн жер аянтын бекитип берүүгө макулдук берүү жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 112
- Дата принятия: 25.04.2022
- Статус: Действует
- Редакция от: 25.04.2022
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/178927>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-14955/edition/1284606/ru>

> Текст приведён по редакции от 25.04.2022 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Ак-Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2022-жылдын 25-апрелиндеги № 112 "Ак-Сай айыл өкмөтүнүн Таушкандык участкасына 2022-аскер бөлүгүнө чек ара заставасын куруу үчүн жер аянтын бекитип берүүгө макулдук берүү жөнүндө" токтому (ред. от 25.04.2022) - https://aqlex.ai/kg/doc/178927

---

АК-САЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Ак-Сай айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги ХХV сессиясы 2022-жылдын 25-апрели №112 Ак-Сай айыл өкмөтүнүн Таушкандык участкасына 2022-аскер бөлүгүнө чек ара заставасын куруу үчүн жер аянтын бекитип берүүгө макулдук берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 4-июнундагы №67, 2009-жылдын 26-январындагы №29-,2009-жылдын 11-мартындагы №79-мыйзамынын редакциясына ылайык,КРнын жер кодексинин 13-беренесине ылайык, Баткен Райронунун мамлекеттик адмнистрациясынын 22.04.2022-жылдагы №17т сандуу буйругун ишке ашыруу, чек ара кызматкерлерине шарт түзүү жана чек араны бекемдөө максатында Ак-Сай айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги ХХV сессиясы токтом кылат:

1. Ак-Сай айыл өкмөтүнүн Таушкандык участкасындагы 1,0га жер аянтына 2022-аскер бөлүгүнө чек ара заставасын курууга макулдук берилсин.

2. Ушул токтомдун негизинде тийиштүү документтерди даярдоо жагы Ак-Сай айыл өкмөтүнүн башчысы А.Сабировго милдеттендирилсин.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Сай айылдык кеңешинин айыл чарба, агро өнөр жайы, жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, жаратылышты коргоо боюнча комиссия курамына жүктөлсүн.

Айылдык кеңешинин төрагасы:

А.Талиев
