# Жыргалаң айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2023-жылдын 11-январындагы № 25 "Жыргалаң айыл аймагынын жергиликтүү жамааттарынын типтүү уставын бекитүү жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Жыргалаң айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2023-жылдын 11-январындагы № 25 "Жыргалаң айыл аймагынын жергиликтүү жамааттарынын типтүү уставын бекитүү жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 25
- Дата принятия: 11.01.2023
- Статус: Действует
- Редакция от: 11.01.2023
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/178871>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-14906/edition/1283708/ru>

> Текст приведён по редакции от 11.01.2023 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Жыргалаң айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2023-жылдын 11-январындагы № 25 "Жыргалаң айыл аймагынын жергиликтүү жамааттарынын типтүү уставын бекитүү жөнүндө" токтому (ред. от 11.01.2023) - https://aqlex.ai/kg/doc/178871

---

ЖЫРГАЛАҢ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Жыргалаң айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII-чакырылышынын XXIII - кезексиз сессиясы 2023-жылдын 11-январы № 25 Жыргалаң айыл аймагынын жергиликтүү жамааттарынын типтүү уставын бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын “ Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамына шайкеш келтирүүгө жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча Мамлекеттик агентигинин 2022-жылдын 12-декабрындагы № 279 “Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү жамааттарынын типтүү уставын бекитүү жөнүндө” Буйругун аткаруу, ошондой эле жергиликтүү жамааттарга усулдук жардам көрсөтүү, алардын ишмердүүлүгүнүн уюштуруучулук жана укуктук негиздерин бекемдөө максатында Жыргалаң айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII-чакырылышынын XXIII - кезексиз сессиясы токтом кылат:

1. Жыргалаң айыл аймагынын Жергиликтүү жамааттарынын типтүү уставы 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Жыргалаң айыл аймагынын айыл өкмөтүнө (Т.А. Мукалаев):

- Жыргалаң айыл аймагынын Жергиликтүү жамааттарынын типтүү уставын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча Мамлекеттик агентигинин сайтына жайгаштырсын жана Ысык-Көл облусунун юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүүгө аракет кылсын;

- Жергиликтүү жамааттардын жаңы кабыл алынган уставдын турмушка ашырылышына көзөмөл жүргүзсүн жана аткарылган иштер боюнча маалыматтарды Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча Мамлекеттик агентигине 2023-жылдын 1-майына карата берсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгынын коргоо, архитектура, курулуш,транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясына (Кудабаев Э.К.) жана айыл өкмөтүнүн башчысына (Т.А. Мукалаев) жүктөлсүн.

Төрайым

К.С. Букаева
