Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Жыргалаң айыл аймагынын айылдык кеңешинин «Жыргалаң айыл аймагынын жергиликтүү жамааттарынын типтүү уставын бекитүү жөнүндө» токтому
ЖЫРГАЛАҢ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Жыргалаң айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII-чакырылышынын XXIII - кезексиз сессиясы 2023-жылдын 11-январы № 25 Жыргалаң айыл аймагынын жергиликтүү жамааттарынын типтүү уставын бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын “ Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамына шайкеш келтирүүгө жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча Мамлекеттик агентигинин 2022-жылдын 12-декабрындагы № 279 “Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү жамааттарынын типтүү уставын бекитүү жөнүндө” Буйругун аткаруу, ошондой эле жергиликтүү жамааттарга усулдук жардам көрсөтүү, алардын ишмердүүлүгүнүн уюштуруучулук жана укуктук негиздерин бекемдөө максатында Жыргалаң айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII-чакырылышынын XXIII - кезексиз сессиясы токтом кылат:
1. Жыргалаң айыл аймагынын Жергиликтүү жамааттарынын типтүү уставы 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Жыргалаң айыл аймагынын айыл өкмөтүнө (Т.А. Мукалаев):
- Жыргалаң айыл аймагынын Жергиликтүү жамааттарынын типтүү уставын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча Мамлекеттик агентигинин сайтына жайгаштырсын жана Ысык-Көл облусунун юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүүгө аракет кылсын;
- Жергиликтүү жамааттардын жаңы кабыл алынган уставдын турмушка ашырылышына көзөмөл жүргүзсүн жана аткарылган иштер боюнча маалыматтарды Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча Мамлекеттик агентигине 2023-жылдын 1-майына карата берсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгынын коргоо, архитектура, курулуш,транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясына (Кудабаев Э.К.) жана айыл өкмөтүнүн башчысына (Т.А. Мукалаев) жүктөлсүн.
Төрайым
К.С. Букаева
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 0 · цитируется в 0 · связанные 1
Связанные документы (1)
По данным источника (cbd.minjust.gov.kg), без указания, кто на кого ссылается.