# Жекенди айылдык кеңешинин 2022-жылдын 16-июну № 28 "Жерлерди бир категориядан экинчи категорияга которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Жекенди айылдык кеңешинин 2022-жылдын 16-июну № 28 "Жерлерди бир категориядан экинчи категорияга которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 28
- Дата принятия: 16.06.2022
- Статус: Действует
- Редакция от: 16.06.2022
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/178844>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-14882/edition/1283492/ru>

> Текст приведён по редакции от 16.06.2022 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Жекенди айылдык кеңешинин 2022-жылдын 16-июну № 28 "Жерлерди бир категориядан экинчи категорияга которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө" токтому (ред. от 16.06.2022) - https://aqlex.ai/kg/doc/178844

---

ЖЕКЕНДИ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

Жекенди айылдык кеңешинин депутаттарын жетинчи чакырылышынын кезектеги онунчу сессиясы 2022-жылдын 16-июну № 28

Жерлерди бир категориядан экинчи категорияга которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө

Чоң-Алай районуна караштуу Жекенди айылдык аймагында жайгашкан Мукур жайлоосунан Бел жайлоосуна чейинки 5 км аралыкты же жайыттын 4,0 га аянтын “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 13-беренесинин, Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлундагы “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө № 145 мыйзамынын жана 2014-жылдын 19-марты № 169 “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби” жөнүндө убактылуу жобосуна ылайык жеке ишкер К.Анапияевдин арыз карап жана талкуулап, Жекенди айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ

1.Чоң-Алай районуна караштуу Жекенди айылдык аймагында жайгашкан Мукур жайлоосунан Бел жайлоосуна чейинки 4400 метр аралыкты же жайыттын 0,44 га аянтын “Турдумамат” дыйкан чарбасынын жер казынасынын көмүр кендерин иштетүүдө тейлөө максатында жол салуу үчүн “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которуу жөнүндөгү жеке ишкер К.Анапияевдин сунушу колдоого алынсын.

2. Чоң-Алай районуна караштуу Жекенди айылдык аймагында жайгашкан Мукур жайлоосунан Бел жайлоосуна чейинки 4400метр аралыкты же жайыттын 0,44 га аянтын “Турдумамат” дыйкан чарбасынын жер казынасынын көмүр кендерин иштетүүдө тейлөө максатында жол салуу үчүн “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга макулдук берилсин.

3.Жол салуу учурунда элге келтирилген чыгымдарды өз убагында калыбына келтирүү жагы “Турдумамат” дыйкан чарбасы тарабынан аткарууга алынсын.

4.Тийиштүү документтерди даярдоо жагы Жекенди айыл өкмөтүнүн жер маселелери боюнча башкы адисинин милдетин аткаруучу жетектөөчү адис Э.Галовго милдеттендирилсин.

5.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы агрардык маселелер, азык- түлүк жана экология, жер жана жер реформасы боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Эшов Боронбайга тапшырылсын.

Төрага

А.Абдукалилов
