Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Раззаков шаардык кеңешинин «Айыл чарба жана мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү максатында жер комиссиясынын аткарып жаткан иштери жана айыл чарба жерлеринин жолдорунун абалы жөнүндө маалыматын угуу жөнүндө» токтому
РАЗЗАКОВ ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
Раззаков шаардык кеңешинин кезектеги XXIII сессиясы (VI чакырылышы) 2023-жылдын 9-июну № 2 Айыл чарба жана мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү максатында жер комиссиясынын аткарып жаткан иштери жана айыл чарба жерлеринин жолдорунун абалы жөнүндө маалыматын угуу жөнүндө
Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү максатында жер комиссиясынын аткарып жаткан иштери жана айыл чарба жерлеринин жолдорунун абалы жөнүндө маалыматын угуп жана сессияда чыгып сүйлөгөн депутаттардын сунуш-пикирлерин угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү оз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Раззаков шаардык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XXIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү максатында жер комиссиясынын аткарып жаткан иштери жана айыл чарба жерлеринин жолдорунун абалы жөнүндө маалыматы көңүлгө алынсын.
2. Белгиленген кемчиликтерди четтетүү менен аткарылган иштер боюнча маалыматты 2023-жылдын 6 айынын жыйынтыгы менен билдирүү берүү жагы Раззаков шаарынын мэри Ч.А.Рысовго милдеттендирилсин.
3. Ушул токтом шаардык Кеңештин аппаратында каттоодон өткөрүлүп, Раззаков шаардык Кеңешинин жана мэриясынын www.isfana.kg расмий сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Раззаков шаардык Кеңешинин муниципалдык менчик, айыл чарба жана жер иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага
Б.Т. Сапаев
Раззаков шаардык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XXIII сессиясынын 2023-жылдын 09-июнундагы №2 токтомуна тиркеме
Раззаков шаарынын мэриясынын айыл чарба тармагы боюнча 2022-жыл ичинде аткарган иштери боюнча МААЛЫМАТ
2022-жыл ичинде айыл чарба багытындагы мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берилген жерлердин ижара акысы планда 1386000 сомго бекилген болсо, аткарылышы 1541800 сомду түзгөн. Пландан тышкары 155800 сомго ашыкча жыйналган.
к/н №
Салык түрү
План 2021ж
Факт 2021ж
План 2022ж
Факт 2022ж
Айырма +/-
%
сумма
1
ижара МКБФ
1000 000
1075000
1386 000
1541800
155800
111
жыйынтыгы
1000000
1075000
1386 000
1541800
155800
111
Айыл чарба багытындагы мамлекеттик фондунун жерлеринин жалпы айдоо аянты 1398 га, анын ичинен: ижарага берилген суулуу айдоо жер аянты - 164 га, кайрак айдоо жер аянты - 772 га, чоп чабынды жер аянты - 155 га, бак-дарактар - 85 га, жалпысынан 144 га экономикалык жактан пайдасыздыгы боюнча, алыстыгы, таштактуулугу боюнча берилген жок. Жазгы кылкандуу дан эгиндерин эгүү ушул күнгө - 4084га, дан эгиндери эгилди, анын ичинен: 1005 га сугат, 3079 га кайракты түзөт. Мындан 2340 га буудай, 1739 га арпа, дандык жүгөрү 188 га, картошка 137 га, жашылча (капуста, бадыраң, помидор, сабиз, чеснок, башка жашылчалар) 140 га, май өсүмдүктөр 65 га, Эски көп жылдык чөп (беде,эспарцет)- 1718 га, жаңы эгилген беде 291 га, аңызга калган жер 129 га, питомник 25 га. Бардык пайдаланган жер 6777 га, пайдаланбаган жер 222 га. Бардык айдоо жер - 6999 га. Раззаков шаарынын мэриясы тарбынан 2022-жылдын түшүмү үчүн кылкандуу дан эгиндерин айдоо, гектарына 2500-2850 сом, дан сепкич менен себүү 1400-1500 сом белгиленген. Комбайн менен оруп жыйноо (80-90% кайрак айдоо жерлер) 2500-3000сом, чөп оруу 1300-1500 сом, чөп жыйнагыч 1000-1200 сом, чөп таңгактоо 15-20 сом.(күйүүчү майдын баасынын өзгөрүшүнө карап)
Шаар мэриясы боюнча бардыгы болуп 61даана айыл чарба техникалары бар, анын ичинен: комбайндар 14 даана, 8 комбайн жаны типтеги, 6 комбайн эски типтеги, дан сепкич (сеялка) 8 даана, трактор косилкасы 15даана, мини трактор 4даана, пресс подборшик 20даана.
Жазгы кылкандуу дан эгиндерин эгүүдө жер кыртышын агротехникалык эрежелер менен айдоо, сапаттуу үрөн эгүү жумасына эки жолу көзөмөлгө алынып турулду. Айыл чарба багытындагы мамлекеттик фондунун жерлерин ижара мөөнөтү бүткөн жерлер такталып чыгылып, Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 2021-жылдын 17-декабрындагы №309 токтомунун, Кыргыз Республикасынын айыл-чарба министринин 2022-жылдын 28-февралындагы №67-НИ буйругунун жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 22-июнундагы №243-токтомунун 22-беренесине, Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин “Жер-укуктук мамлелерди жөнгө салуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерине өзгөрүүлөдү киргизүү жөнүндөгү” 2022-жылдын 9-сентябрындагы №494-токтомунун, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин 2022-жылдын 19-сентябрындагы №329-НИ буйругунун негизинде бир канча жумуштар аткарылды. Бул маселелер боюнча райондук масштабта комиссиялар түзүлүп, райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгына мамлекеттик кайра бөлүштүү фондунун бардык жерлеринин 50% зы өткөн. Тактап айтканда сугат айдоо жерден 82 га, кайрак айдоо жерден 458 га, чөп-чабынды жеринен 116 га, бак-дарактан 42 га. Ал эми шаар мэриясына 50% сугат айдоо 82 га, кайрак айдоо 458 га, чөп-чабынды 116 га бак-дарактан, 42 га жер тилкелери калтырылган. 2022-жылга 1514000 сомго айыл чарба багытындагы жер тилкелерине ижара келишимдери түзүлгөн, анын ичинен жер салыгы 128700 сом. 2022-жылга карата чөп 10910 тонна, картошка 1323 тонна, жашылча 1795 тонна, кылкандуу дан эгиндер боюнча 4084 га жер орулуп жыйналды, жалпы 7478 тонна дан өндүрүлдү, анын ичинен буудай 4428 тонна, арпа 3050тонна. Түшүмдүлүүгү орточо эсеп менен 18.1 центнерди түзөт.
Раззаков шаарынын мэриясынын айыл чарба бөлүмүнө атуулдар тарабынан жана мекеме уюмдардан келген арыз каттардын 120 даана, оозеки түшкөн арыздар 49 түзөт. Ар бир арыз жана катка өз убагында жооп берилип, жайында барып көрүп чечилип берилүүдө.
Бироок, үлүшкө берилген жерлер боюнча чечилбеген маселелер өтө көп. Себебин айтканда 2000-жылдары реформа болгон учурда топ башчылары өздөрүнө тийиштүү жарандардын үй-бүлөрүнө эсептелип чыккан жер үлүштөрүн толугу менен алышкан. Азыркы күндө кээ бир топ башчылар жок болгондуктан (каза болгодугуна байланыштуу) үй-бүлөлөрдүн мүчөлөрү келип жер үлүштөрүн тактоодо кыйынчылыктар болууда.
Раззаков шаар мэриясынын айыл чарба жерлери боюнча башкы адиси:- Н.Усаров.
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 4 · цитируется в 0 · связанные 0
Ссылается на (4)
- Постановление Кабинета Министров КР от 17 декабря 2021 года № 309 "О развитии сельскохозяйственных кооперативов, семенных и племенных хозяйств"Постановление · 17.12.2021 · № 309
- Постановление Правительства КР от 22 июня 2007 года № 243 "О Типовом положении об условиях и порядке предоставления в аренду земель Фонда перераспределения сельскохозяйственных…Постановление · 22.06.2007 · № 243
- Постановление Кабинета Министров от 9 сентября 2022 года № 494 "О внесении изменений в некоторые решения Кабинета Министров Кыргызской Республики в сфере регулирования…Постановление · 09.09.2022 · № 494
- Приказ Министерства сельского хозяйства Кыргызской Республики от 19 сентября 2022 года № 329-ни "Об утверждении Порядка предоставления земель Государственного фонда…Приказ · 19.09.2022 · № 329-ни · Утратил силу