Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Кашка-Суу айылдык аймагынын кеңешинин «Кашка-Суу айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставын бекитүү жөнүндө» токтому
КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН КЕӉЕШИ ТОКТОМ Кашка-Суу айылдык аймагынын кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги биринчи сессиясы 2023-жылдын 18-январы № 25 Кашка-Суу айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставын бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2022-жылдын 12-декабрындагы № 279 буйругу менен бекитилген Типтүү Уставдын негизинде Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги биринчи сессиясы:
Токтом кылат
1.Кашка-Суу айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставы № 1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
2.Токтомдун аткарылышы Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Г.Мадалиевге милдеттендирилсин.
3. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын реестрине киргизүү жагы Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин жооптуу катчысы Г.Токсонбаевага милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кашка-Суу айылдык аймактык кеңешинин Укук тартиби, мыйзамдуулук, депутаттык этика жана коомдук уюмдар менен байланыштар боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына тапшырылсын.
Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин төрагасы
А.Баатыркулов
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 0 · цитируется в 0 · связанные 1
Связанные документы (1)
По данным источника (cbd.minjust.gov.kg), без указания, кто на кого ссылается.