# Кашка-Суу айылдык аймагынын кеңешинин 2022-жылдын 2-декабрындагы № 11 "Айыл аймактардын жана шаарлардын аймагында көрктөндүрүү, жашылдандыруу, тазалыкты сактоо" боюнча эрежелерди бекитүү жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Кашка-Суу айылдык аймагынын кеңешинин 2022-жылдын 2-декабрындагы № 11 "Айыл аймактардын жана шаарлардын аймагында көрктөндүрүү, жашылдандыруу, тазалыкты сактоо" боюнча эрежелерди бекитүү жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 11
- Дата принятия: 02.12.2022
- Статус: Действует
- Редакция от: 02.12.2022
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/178573>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-14645/edition/1281782/ru>

> Текст приведён по редакции от 02.12.2022 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Кашка-Суу айылдык аймагынын кеңешинин 2022-жылдын 2-декабрындагы № 11 "Айыл аймактардын жана шаарлардын аймагында көрктөндүрүү, жашылдандыруу, тазалыкты сактоо" боюнча эрежелерди бекитүү жөнүндө" токтому (ред. от 02.12.2022) - https://aqlex.ai/kg/doc/178573

---

КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН КЕӉЕШИ ТОКТОМ Кашка-Суу айылдык аймагынын кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги он экинчи сессиясы 2022-жылдын 2-декабры № 11 “Айыл аймактардын жана шаарлардын аймагында көрктөндүрүү, жашылдандыруу, тазалыкты сактоо” боюнча эрежелерди бекитүү жөнүндө “Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилине тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча иш-аракеттер планы жөнүңдө” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 6-сентябрындагы № 305 Жарлыгын айыл аймактын аймагында көрктөндүрүү жана жашылдандыруу, тазалыкты жана тартипти сактоо эрежелерин бекитүү жөнүндөгү Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Г.Мадалиевдин 02.12.2022-жылдагы № 01-19/825 сунушун угуп жана талкуулап

Кашка-Суу айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Айыл аймактын аймагында көрктөндүрүү жана жашылдандыруу, тазалыкты жана тартипти сактоо эрежелери № 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.

2.Кашка-Суу айылдык кеңешинин 2-декабрь 2022-жылдагы № 11 токтому Ош облустук юстиция башкармалыгынын мамлекеттик каттоосунан өткөрүлсүн.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Социалдык жана маданий маселелер, коммуналдык менчик, маалымдуулук, жаштардын иштери боюнча комиссиясына жүктөлсүн.

Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин төрагасы

А.Баатыркулов
