# Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2023-жылдын 17-июлундагы № 25/1 "Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңеши" мекемесин түзүү жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2023-жылдын 17-июлундагы № 25/1 "Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңеши" мекемесин түзүү жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 25/1
- Дата принятия: 17.07.2023
- Статус: Действует
- Редакция от: 17.07.2023
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/178520>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-14595/edition/1281440/ru>

> Текст приведён по редакции от 17.07.2023 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2023-жылдын 17-июлундагы № 25/1 "Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңеши" мекемесин түзүү жөнүндө" токтому (ред. от 17.07.2023) - https://aqlex.ai/kg/doc/178520

---

КУМ-ДӨБӨ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Депутаттардын VII чакырылышынын Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз XXV сессиясы 2023-жылдын 17-июлу № 25/1 “Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңеши" мекемесин түзүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 3-апрелиндеги ПЖ №85 “Нарын облусунун айыл аймактарынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жөнүндө” Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 4-апрелиндеги №87-Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 30-мартындагы №177 Айыл аймактарынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүлүп жаткан Кыргыз Республикасынын региондорундагы айыл өкмөттөрүнүн ишин уюштуруу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын штаттык саны жөнүндө токтомун, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 92-беренесин, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамдарын, Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоонун тартиби жөнүндө Жобону ж.б. тиешелүү мыйзам актыларын жетекчиликке алып, Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:

1. Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин Жобосу жаңы редакцияда, тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин юридикалык дареги болуп, Кыргыз Республикасы, Нарын облусу, Кочкор району, Кум-дөбө айылы, О.Алиев көчөсү, №81 болуп аныкталсын.

3. Мекеме Кыргыз Республикасынын иштөөдөгү мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын юстиция башкармалыгында мамлекеттик кайра каттоодон өткөрүлсүн.

4. Бул токтомдо көрсөтүлгөн маалыматтардын, ошондой эле мамлекеттик кайра каттоо үчүн тапшырылган документтердеги маалыматтардын аныктыгы ырасталат.

Төрага

М.Чолпонкулов
