Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Тамчы айыл аймагынын айылдык кеңешинин «Тамчы айыл аймагынын жергиликтүү Курултайын өткөрүүнү уюштуруу жөнүндө» токтому
ТАМЧЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
Жергиликтүү депутаттарынын XXVIII чакырылышынын Тамчы айылдык кеңешинин кезексиз IX сессиясы 2022-жылдын 26-сентябры № 1 Тамчы айыл аймагынын жергиликтүү Курултайын өткөрүүнү уюштуруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 15-августундагы №284 “Элдик Курултайды чакыруу жөнүндө” Жарлыгына жана биринчи Элдик Курултайга Кыргыз Республикасынын айылдык аймактарынан жана шаарларынан делегаттарды шайлоо боюнча аткарылуучу аракеттердин Нускамасына ылайык маселени депутаттар карап, талкуулагандан кийин Тамчы айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тамчы айыл аймагынын жергиликтүү Курултайы 2022- жылдын 5-ноябрына чакырылсын.
2. Тамчы айыл аймагынан жергиликтүү Курултайынын курамы калктын санына ылайык 50 делегаттан турары белгиленсин.
3. Тамчы айыл аймагынын жергиликтүү Курултайын уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу тобу № 1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
4. Жергиликтүү жамааттар арасында делегаттарды шайлоо боюнча саны жана квотасы № 2 тиркемеге ылайык бекитилсин.
5. Тамчы айыл аймагында жергиликтүү курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча тургундардын жыйындарын өткөрүү 2022- жылдын 17- октябрынан 25- октябрына чейин белгиленсин ( № 3 тиркеме) .
6. Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча жергиликтүү курултайын өткөрүү 2022-жылдын 5- ноябры деп белгиленсин ( №4 тиркеме).
7. Жергиликтүү Курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча түзүлгөн жумушчу топтун курамына жана айыл башчыларына Жергиликтүү курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча жыйындарды жана чогулуштарды өткөрүү, уюштуруу жагы милдеттендирилсин.
8. Токтомду каттоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн облусттук Юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
9. Токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу айылдык кеңештин туруктуу комиссия курамына тапшырылсын.
Төрага
Э.А.Мамбетов
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 1 · цитируется в 0 · связанные 0
Ссылается на (1)
- Указ Президента КР от 15 августа 2022 года УП № 284 "О созыве Народного Курултая"Указ · 15.08.2022 · № 284 · Утратил силу