Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 50 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин «А.Мирмахмудов атындагы айыл аймагынын Барын айылында жайгашкан А.А.Кочкановдун менчиги болгон жер участкасынын пайдалануунун максаттык багытын өзгөртүүгө уруксат берүү жөнүндө» токтому
Статус не определён
У этого документа нет однозначного статуса в реестре. Проверьте источник перед цитированием.
А.МИРМАХМУДОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин VII чакырылышынын депутаттарынын кезектеги XVI сессиясы
2023-жылдын 13-апрели № 16-5
А.Мирмахмудов атындагы айыл аймагынын Барын айылында жайгашкан А.А.Кочкановдун менчиги болгон жер участкасынын пайдалануунун максаттык багытын өзгөртүүгө уруксат берүү жөнүндө
А.Мирмахмудов атындагы айыл аймагынын Барын айылында жайгашкан, идентификациялык коду; 5-05-14-1001-5140 болгон, 2021-жылдын 26 –февралындагы № 2021/32736 сан менен катталган «кыймылсыз мүлктү сатуу сатып алуу» келишиминин негизинде алган, Ч№ 983325 сандуу Мамлекеттик Акты берилген жер участкасынын ээси Кочканов Абдулла Адхамжанович жалпы 1662,0ч.м жер тилкесинин 744,0ч.м жерине ЖБИ –бетон темир курулмаларын даярдоочу ишкана куруу, ал эми 144,0 ч.м жер аянтына жер-жемиштерди сактоочу муздаткыч куруу максатында менчигиндеги жер аянтынын пайдалануу багытын өзгөртүү максатында арыз менен кайрылып, А.Мирмахмудов айыл өкмөтүнө арыз менен кайрылган. Бардык ыйгарым укуктуу органдардан корутундулар алынгандыгын билдирип, азыркы күндө айылдык кеңештин токтомун күтүп жаткандыгын билдирип кайрылган.
Жогорудагы арыздын талаптарын мыйзамдуу түрдө карап чечип берүү үчүн айыл өкмөтү айылдык кеңешинин тиешелүү туруктуу комитетинин кароосуна киргизген.
А.Мирмахмудов атындагы айылдык кеңеши атуул А.Кочкановдун арызын карап чыгып, Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлундагы №145 мыйзамынын 20-беренесинин 1-пункутунун, Кыргыз Республикасынын «Жергилктүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 3гл.1-пункутунун 1,15-бөлүмчөсүнүн, №47-беренесинин 8-бөлүмчөсүнүн, «Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 1гл. 6-беренесинин 4-пункутунун талаптарына таянып, Ноокат райондук шааркурулушу жана архитектура башкармалыгынын 2023-жылдын 07-февралындагф № сандуу корутундусунун талаптарын жетекчиликке алып А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Атуул А.Кочкановдун 2023-жылдын 13-апрелиндеги арызын канааттандыруу максатында, Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлундагы №145 мыйзамынын 20-беренесинин 1-пункутунун, Кыргыз Республикасынын «Жергилктүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 3гл.1-пункутунун 1,15-бөлүмчөсүнүн, №47-беренесинин 8-бөлүмчөсүнүн, Кыргыз Республикасынын «Жер кодексинин» 1гл. 6-беренесинин 4-пункутунун талаптары, Ноокат райондук шааркурулушу жана архитектура
башкармалыгынын 2023-жылдын 07-февралындагы № сандуу корутундусунун талаптары жетекчиликке жана аткарууга алынсын.
2. А.Мирмахмудов атындагы айыл аймагынын Барын айылында жайгашкан, Ч № 983325 сандуу Мамлекеттик Акты берилген, идентификациялык коду;5-05-14-1001-5140 болгон, 2021-жылдын 26 –февралындагы 2021/3846 сан менен катталган «кыймылсыз мүлктү сатуу, сатып алуу» келишиминин негизинде атуул Кочканов Абдулла Адхамжановичтин менчиги болгон жер аянтынын пайдалануу багыты иштеп чыгуу үчүн өзгөртүлсүн.
3. Ушул токтом мыйзам чегинде аткарууга алынсын.
4. Токтомду аткарылышы А.Мирмахмудов атындагы айыл өкмөт башчысы М.Нурматовго жана айыл өкмөтүнүн жер адиси К.Араповдорго тапшырылсын.
5. Ушул токтомду аткарылышын көзөмөлдөө А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин тиешелүү туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төраганын м.а:
А.Ашиева
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 50 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 1 · цитируется в 0 · связанные 0
Ссылается на (1)
- Закон «О переводе (трансформации) земельных участков»Закон · 15.07.2013 · № 145 · Утратил силу