Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин «А.Мирмахмудов атындагы айыл аймагында жайгашкан мектептер, бала бакчалары жана айыл өкмөтүнүн имаратына 2023-жылга пайдаланылуучу электр энергиясынын чыгымдарын бекитүү жөнүндө» токтому
Статус не определён
У этого документа нет однозначного статуса в реестре. Проверьте источник перед цитированием.
А.МИРМАХМУДОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин VII чакырылышынын депутаттарынын кезексиз XV сессиясы
2023-жылдын 15-марты № 15-5
А.Мирмахмудов атындагы айыл аймагында жайгашкан мектептер, бала бакчалары жана айыл өкмөтүнүн имаратына 2023-жылга пайдаланылуучу электр энергиясынын чыгымдарын бекитүү жөнүндө
Күн тартибиндеги А.Мирмахмудов атындагы айыл аймагында жайгашкан мектептер, бала бакчалары жана айыл өкмөтүнүн имаратына 2023-жылга пайдаланылуучу электр энергиясынын чыгымдарын бекитүү жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик админитсрациясы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүмүнө, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-мартындагы №126 токтомуна ылайык депутаттардын А.Мирмахмудов айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. А.Мирмахмудов атындагы айыл аймагында жайгашкан мектептер, бала бакчалары жана айыл өкмөтүнүн имаратына 2023-жылга пайдаланылуучу электр энергиясынын лимити 1093,9кВт/с өлчөмүндө бекитилсин.
2. А.Мирмахмудов атындагы айыл аймагында жайгашкан мектептердин, бала бакчаларынын жетекчилерине жана айыл өкмөтүнүн башчысына 2023-жыл ичинде мектеп, бала бакчаларына жана айыл өкмөтүнүн имаратына пайдаланылуучу электр энергиясынын лимитинин белгиленген өлчөмүнөн ашырбоо тапшырмасы милдеттендирилсин;
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдүк кылуу жагы депутаттардын А.Мирмахмудов атындагы айылдык кеңешинин айылдын инфрастуруктурасын өнүктүрүү, инвестиция, курулуш, жол, транспорт жана комуникация, таза суу жана электр энергиясы боюнча комитетке тапшырылсын.
Төраганын м.а:
А.Ашиева.
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.