Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Кызыл-Суу айылдык кеңешинин «2023-жылга Кызыл-Суу айыл өкмөтүнүн бюджети, 2024-2025-жылдарга бюджеттин долбоору жөнүндө» токтому
КЫЗЫЛ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
Кызыл-Суу айылдык кеңешинин ХХVIII чакырылышынын кезектеги 16-сессиясы 2022-жылдын 27-декабры № 124 2023-жылга Кызыл-Суу айыл өкмөтүнүн бюджети, 2024-2025-жылдарга бюджеттин долбоору жөнүндө Кызыл-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Эшмамбетовдун 2023-жылга жергиликтүү долбоору боюнча маалыматын угуп жана талкуулап ошондой эле Кыргыз Республикасынын 2023-жылга жана 2024-2025-жылдардын пландык мезгилине Республикалык бюджети жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 17-январындагы №3 мыйзамын жетекчиликке алып, айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ.
1.2023-айыл өкмөтүнүн бюджети кирешелер боюнча 106574,0 миң сом көлөмүндө жана чыгымдар боюнча 106574,0 миң сом көлөмүндө №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
2.Жергиликтүү бюджеттин 2022-жылы каржылануучу чыгымдардын көлөмү 104441,0 миң сом көлөмүндө №2 тиркемеге ылайк бекитилсин.
3.Жергиликтүү бюджетинин атайын каражаттарынын 2022-жылы каржылануучу чыгымдардын көлөмү 2133,0 миң сом өлчөмү №3 тиркемеге ылайык бекитилсин.
4.Жергиликтүү бюджеттен каржылануучу эмгек акы фондусунун чектелген көлөмдөрү №4 тиркемеге ылайык бекитилсин.
4.1 Айыл өкмөтүнүн аппаратынын кызматкерлеринин 26 штат бирдиги 722008 (жети жүз жыйырма эки миң сегиз) сомдук айлык акысы менен бекитилсин.
4.2 Кызыл-Суу айылдык маданият үйүнүн кызматкерлеринин 6 (алты) штаттык бирдиги 65859,20 (алтымыш беш миң сегиз жүз элүү тогуз сом 20 тыйын) сом айлык акысы менен жана Жалгыз-Өрүк айылдык клубунун кызматкерлеринин 2 (эки) штаттык бирдиги 22105,60 (жыйырма эки миң бир жүз беш сом 60 тыйын) сом айлык акысы менен бекитилип берилсин.
4.3 Жалгыз-Өрүк айылындагы айылдык китепкананын кызматкерлеринин 3 (үч) штаттык бирдиги 32158,72 (отуз эки миң бир жүз элүү сегиз сом 72 тыйын) сом айлык акысы менен бекитилип берилсин.
4.4 Спорттук комплекстин кызматкерлеринин 8 (сегиз) штаттык бирдиги 83704 (сегиз миң жети жүз төрт) сомдук айлык акысы менен бекитилип берилсин.
4.5 “Факел” жаштардын борборунда машыктыруучусунун 1 (бир) штаттык бирдиги, сакчысынын 1 (бир) штаттык бирдиги, баардыгы 2 (эки) штаттык бирдик 19008 (он тогуз миң сегиз) сомдук айлык акысы менен бекитилип берилсин.
2023-жылдан баштап кыскартылган “Мурас” жана “А.Шамшеев” атындагы кичи футбол аянтчаларынын 2 (эки) штат бирдиги кыскартылгандыгына байланыштуу тиешелүү жөлөк пулду төлөп берүү жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
4.6 Мектеп окуучуларын Кайнар айылынан ташыган автобустун айдоочусунун 1 (бир) штаттык бирдиги 11264 (он бир миң эки жүз алтымыш төрт) сомдук айлык акысы менен, Пристань айылынан ташыган микроавтобустун айдоочусунун 1 (бир) штат бирдиги 11264 (он бир миң эки жүз алтымыш төрт) сомдук айлык акысы менен мурдагы Кайнар башталгыч мектебинин сакчысынын 1 (бир) штат бирдиги 7040 (жети миң кырк) сомдук айлык акысы менен бекитилип берилсин.
4.7 Соттун чечими айыл өкмөтүнүн карамагына өткөн мурдагы социалдык фондун имаратынын сакчысынын 1 (бир) штат бирдиги 7040 (жети миң кырк) сомдук айылык акысы менен бекитилип берилсин.
4.8 Жалгыз-Өрүк айылындагы ФАПтын сакчысынын 1 (бир) штат бирдиги 7040 (жети миң кырк) сомдук айлык акысы менен бекитилип берилсин.
5.2024-жылга айыл өкмөтүнүн бюджети кирешелер боюнча 108000,0 миң сом көлөмүндө жана чыгыздар боюнча 108000,0 миң сом көлөмүндө №5 тиркемеге ылайык бекитилсин.
6.2025-жылга айыл өкмөтүнүн бюдети кирешелер боюнча 109000,0 миң сом көлөмүндө жана чыгымдар боюнча 109000,0 миң сом көлөмүндө №6 тиркемеге ылайык бекитилсин.
7.2022-жылда төлөнбөй калган карыздарды 2023-жылдын бюджетине каралган чыгымдардын чегинде төлөө жүргүзүү жана биринчи кезекте эмгек акы төлөөгө, социалдык фондго чегерүүлөргө ж.б корголгон (защищенный) статьяларга жумшалсын.
8. Айыл өкмөтүнө бюджетине каралган кирешелерди жана чыгымдарды толук аткарууга багытталган иш-чараларды регулярдуу түрдө ишке ашыруу милдеттендирилсин.
2023-жылы бюджеттен каржылоодон түшкөн кирешелердин көлөмүндө чегерүүлөрү жана биринчи кезекте эмгек акы төлөөгө, социалдык фондго чегерүүлөрдү, тамак-ашка жана женилдиктерге каралган чыгымдарды каржылоого жумшалсын.
9.Жергиликтүү бюджеттен каржыланган мекемелердин атайын каражаттарын казналыктан тышкары пайдаланууга тыюу салынсын. Казналыктан тышкары пайдаланылган каражаттан тиешелүү денгээлдеги бюджеттерге алынаары бекитилсин.
10. Кызыл-Суу айыл өкмөтүнүн 2023-жылга накталай жүгүртүүлүчү акча каражаты 200 000 сом өлчөмүндө бекитилсин.
11. Айыл өкмөтүнүн карамагындагы участкалык милиция кызматкерлеринин кызматтык автоунаа 2023-жылга 600 литр күйүүчү май жана автотетиктерди алууга мезгил мезгили менен бөлүнүп берилсин. 2023-жылга күйүүчү май, автотетиктерди сатып алуу чыгымдарын 2023-жылга каралган жергиликтүү бюджетинин чыгымдар бөлүмүнүн 70111 “Айыл өкмөтүнүн аппараты” бөлүмү аркылуу жүргүзүү жагы айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнө милдеттендирилсин.
12. Айыл өкмөтүнүн айыл чарба жана жерге жайгаштылуу маселелери боюнча башкы адиси К.Джакешовго, райондук “Кадастр” башкармалыгы менен бирдикте кайра бөлүштүрүү фондунун жер аянттары 2023-жылдын 1-июнуна карата такталып түзүлгөн келишимдер инвентаризацияланып тиешелүү маалыматтар айыл өкмөтүнүн финансы бөлүмүнө тапшырууга милдеттендирилсин.
13. Муниципалдык менчиктерди тактап, мамлекеттик каттоодон өткөрүү жана аны эфективдүү пайдалануу, айыл ичиндеги жерлерди 2023-жылдын 1-майына карата инвентаризациялап, аукцион аркылуу сатыкка коюу жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
14.Бул токтомду массалым маалымат каражаттарына жарыялоо жана юстиция министрлиги тарабынан ченемдик укуктук актыларын мамлекеттик реестирине киргизүү боюнча иш жүргүзүү айылдык кеңешинин жоопту катчысы А.Ташбаевага жүктөлсүн.
15.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылык кенешинин финансы жана бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Р.Иманалиевге жана айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Эшмамбетовго тапшырылсын.
16. Токтом 2023-жылдын 1-январынын тартып күчүнө кирет.
Айылдык кеңешинин төрайымы
Г.Чыныбаева
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.