Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Нарын шаардык кеңешинин «Нарын дарыясынын жана Нарын каналынын аймагына тиешелүү суу коргоо тилкелерин бекиткен Нарын шаардык кеңешинин 2004-жылдын 4-июнундагы №02 токтомуна өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтому
НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
Нарын шаардык кеңешинин V чакырылыштагы кезектеги ХХIV сессиясы 2023-жылдын 29-августу № 3 Нарын дарыясынын жана Нарын каналынын аймагына тиешелүү суу коргоо тилкелерин бекиткен Нарын шаардык кеңешинин 2004-жылдын 4-июнундагы №02 токтомуна өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Суу Кодексинин, Кыргыз Республикасынын “Суу жөнүндө Мыйзамынын 49-50-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 7-июлундагы №275 Токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын сууну коргоочу зоналар жана суу обьектилеринин коргоо тилкелери тууралуу” Жобосуна жана Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин 2023-жылдын 3-майындагы №111-п буйругуна, Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Нарын регионалдык башкармалыгынын 2023-жылдын 16-августундагы №01-1 /868чи жана Нарын шаардык мэриясынын сунуш каттарынын негизинде, Нарын шаардык кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1. Нарын шаардык кеңешинин 2004-жылдын 4-июнундагы №02 токтому менен бекитилген Нарын дарыясынын суу коргоо тилкеси үчүн 100 метр, Шаркыратма суусунун куйган жеринде 50 метр, Чоң Нарын каналы үчүн 27 метр аралыктары, учурдагы бекитилген реестрине ылайык, суу коргоо тилкеси Нарын дарыясы үчүн 20метр, Шаркыратма суунунун куйган жеринде 20 метр, Чоң Нарын каналы үчүн 20метр деп өзгөртүлүп, Нарын шаарынын РТС чөлкөмүнө ЕББРдин “Таза суу жана канализация тутумдарын жаңыртып салуу” долбоорунун экинчи фазасын ишке ашыруу максатында насостук станция (КНС) куруу үчүн Нрын шаарынын А.Жусупов -23/а (ИНН4-08-01-0001-0483) дарегиндеги жер аянтынан 400 чарчы метр (20мx20м) жер тилкеси бөлүнүп берилсин,- деген сүйлөм менен толукталсын.
2. Жерди пайдаланууда жана курулуш курууда экологиялык, экономикалык, социалдык жана башка факторлорду эске алуу менен жер тилкесинин ордун так чектеп, мыйзам чегинде иш жүргүзүү жагы Нарын шаардык мэриясына, Нарын суу-канал ишканасына, Нарын регионалдык шаар курулушу жана архитектура боюнча башкармалыгына, “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Нарын филиалына тапшырылсын.
3. Токтомдун аткаруу жагы Нарын шаардык мэриясына тапшырылсын.
Төрага
А.Молдосалиев
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 0 · цитируется в 0 · связанные 1
Связанные документы (1)
По данным источника (cbd.minjust.gov.kg), без указания, кто на кого ссылается.