Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Төө-Моюн айыл аймагынын айылдык кеңешинин «Трансформатор орнотууга жана тосууга жер тилкесин ажыратып берүү жөнүндө» токтому
ТӨӨ-МОЮН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
Төө-Моюн айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги 19 сессиясы 2023-жылдын 19-январы № 19-9 Трансформатор орнотууга жана тосууга жер тилкесин ажыратып берүү жөнүндө Тѳѳ-Моюн айылдык аймагынын Сары-Таш айылында жайланышкан айыл чарба жерлерине сугат суусунун жетишсиздигинен, эски скважинаны тазалап ишке киргизүү үчүн трансформатор орнотууга жана тосууга 32 (отуз эки) чарчы метр жер аянтын ажыратып берүү жѳнүндѳгү Сары-Таш айылынын айыл башчысынын кайрылуусун канааттандыруу максатында, Жергиликтүү кеңештин депутаттарынын ой-пикирлерин угуп чыгып, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 13 - беренесине, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Төө-Моюн айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тѳѳ-Моюн айылдык аймагынын Сары-Таш айылында жайланышкан эски скважинаны тазалап ишке киргизүү үчүн трансформатор орнотууга жана тосууга 32 (отуз эки) чарчы метр жер аянтын ажыратып берүүгө макулдук берилсин.
2. Төө-Моюн айыл өкмөтүнүн башчысы А.Д.Жолдошевке жогоруда көрсөтүлгөн жер тилкесин ажыратып берүүнү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 571 Токтому менен бекитилген «Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө» (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 13-сентябрындагы № 491 токтомунун редакциясына ылайык) жобонун талаптарына жана КРнын жер маселелери боюнча укуктук ченемдик актыларына негиз жүргүзсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө милдети айылдык кеңештин айыл чарбасы, муниципалдык менчик, аймакты абат кылуу жана көрктөндүрүү боюнча туруктуу комиссиясына (төрагасы Д.Галбаевге) жүктөлсүн.
Төө-Моюн айылдык кеңешинин төрагасы:
А.Осмоналиев
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 2 · цитируется в 0 · связанные 0
Ссылается на (2)
- Постановление Правительства КР от 23 сентября 2011 года № 571 "Об утверждении Типового положения о порядке и условиях возмездного предоставления прав собственности или аренды на…Постановление · 23.09.2011 · № 571
Показаны 1 из 2. Полный список - в панели ссылок.