# Төө-Моюн айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2023-жылдын 8-июлундагы № 24-3 "Төө-Моюн айыл аймагынын Ак-Шар айылынын тургуну Ганыжан уулу Алижадын арызын канааттандыруу максаты" токтому

- Полное наименование: Төө-Моюн айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2023-жылдын 8-июлундагы № 24-3 "Төө-Моюн айыл аймагынын Ак-Шар айылынын тургуну Ганыжан уулу Алижадын арызын канааттандыруу максаты" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 24-3
- Дата принятия: 08.07.2023
- Статус: Действует
- Редакция от: 08.07.2023
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/178228>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-14344/edition/1277742/ru>

> Текст приведён по редакции от 08.07.2023 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Төө-Моюн айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2023-жылдын 8-июлундагы № 24-3 "Төө-Моюн айыл аймагынын Ак-Шар айылынын тургуну Ганыжан уулу Алижадын арызын канааттандыруу максаты" токтому (ред. от 08.07.2023) - https://aqlex.ai/kg/doc/178228

---

ТӨӨ-МОЮН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

Төө-Моюн айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги 24 сессиясы 2023-жылдын 8-июлу № 24-3 Төө-Моюн айыл аймагынын Ак-Шар айылынын тургуну Ганыжан уулу Алижадын арызын канааттандыруу максатында Төө-Моюн айыл аймагынын жарандарынын курулуш иштерине керектелүүчү материалдар менен камсыз кылуу максатында Эгемендүүлүк проспектиси жолунун боюнан жеңил типтеги курулуш куруу үчүн жер участогун ажыратып берүү жөнүндөгү арызы тууралуу 2023-жылдын 15-июнундагы арызы менен таанышып, Төө-Моюн айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары М.Осмоновдун маалыматын угуп чыгып Төө-Моюн айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төө-Моюн Эгемендүүлүк проспектиси жолунун боюнан жеңил типтеги соода сатык үчүн курулуш курууга 200 чарчы метр жер аянтын ажыратып берүүгө макулдук берилсин.

2. Айыл өкмөтүнүн башчысы С.Т.Дүмүровго жогоруда көрсөтүлгөн жер тилкесин ижарага ажыратып берүүнү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябры № 571 Токтому менен бекитилген «Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндөгү» (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 13-сентябрындагы № 491 токтомунун редакциясына ылайык) жобонун талаптарына жана КРнын жер маселелери боюнча аракеттеги укуктук ченемдик актыларына негиз жүргүзсүн.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө милдети айылдык кеңештин айыл чарбасы, муниципалдык менчик, аймакты абат кылуу жана көрктөндүрүү боюнча туруктуу комиссиясына (төрагасы Д.Галбаевге) жүктөлсүн.

Төө-Моюн айылдык кеңешинин төрагасы:

А.Осмоналиев
