Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 50 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Төө-Моюн айыл кеңешинин «Ош-Баткен мергенчилер жана балыкчылар коомуна ок атуучу спорттук жай үчүн жер участогун ажыратып берүү жөнүндө» токтому
ТӨӨ-МОЮН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
Төө-Моюн айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз 25 сессиясы 2023-жылдын 28-июлу № 25-2 Ош-Баткен мергенчилер жана балыкчылар коомуна ок атуучу спорттук жай үчүн жер участогун ажыратып берүү жөнүндө Ош-Баткен мергенчилер жана балыкчылар коомунун төрагасы Б.Акматалиевдин 2023-жылдын 17-июлундагы жазган арызы менен таанышып чыгып мергенчилерге ок атуучу спорттук жай (практическое занятие) үчүн Ак-Шар айылынын 773-контурунан 2,0 га жер тилкесин ажыратып берүүгө жана ал жерде жылына 1-2 жолудан Төө-Моюн айылдык аймагындагы мектептердин 10-11-классынын окуучуларына да окууларды өткөрүп турууга Төө-Моюн айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары М.Осмоновдун, сөзгө чыккан депутаттардын ой-пикирлерин угуп чыгып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы №290-токтомунун Жарандардын жана кызматтык куралдарды коопсуз пайдалануунун эрежелеринин жалпы жоболоруна ылайык Төө-Моюн айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мергенчилерге ок атуучу спорттук жай үчүн Ак-Шар айылынын 773-контурунан 2,0 га жер тилкесин ажыратып берүүгө макулдук берилсин.
2. Айыл өкмөтүнүн башчысы С.Дүмүров жогоруда көрсөтүлгөн жер тилкесин ижарага ажыратып берүүнү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябры № 571 Токтому менен бекитилген «Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндөгү» (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 13-сентябрындагы № 491 токтомунун редакциясына ылайык) жобонун талаптарына жана КРнын жер маселелери боюнча аракеттеги укуктук ченемдик актыларына негиз жүргүзсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө милдети айылдык кеңештин айыл чарбасы, муниципалдык менчик, аймакты абат кылуу жана көрктөндүрүү боюнча туруктуу комиссиясына (төрагасы Д.Галбаевге) жүктөлсүн.
Төө-Моюн айылдык кеңешинин төрагасы
А.Осмоналиев
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 50 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 3 · цитируется в 0 · связанные 0
Ссылается на (3)
- Постановление Правительства КР от 23 сентября 2011 года № 571 "Об утверждении Типового положения о порядке и условиях возмездного предоставления прав собственности или аренды на…Постановление · 23.09.2011 · № 571
- Постановление Кабинета Министров Кыргызской Республики от 31 мая 2022 года N 290 "Об утверждении Правил безопасного обращения с гражданским и служебным оружием, программы…Постановление · 31.05.2022 · № 290
Показаны 2 из 3. Полный список - в панели ссылок.