# Чолпон айылдык кеңешинин 2023-жылдын 18-июлундагы № 4/1 "Чолпон айыл аймагынын айылдык кеңеши" мекемесин түзүү жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Чолпон айылдык кеңешинин 2023-жылдын 18-июлундагы № 4/1 "Чолпон айыл аймагынын айылдык кеңеши" мекемесин түзүү жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 4/1
- Дата принятия: 18.07.2023
- Статус: Действует
- Редакция от: 18.07.2023
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/178193>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-14311/edition/1277480/ru>

> Текст приведён по редакции от 18.07.2023 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Чолпон айылдык кеңешинин 2023-жылдын 18-июлундагы № 4/1 "Чолпон айыл аймагынын айылдык кеңеши" мекемесин түзүү жөнүндө" токтому (ред. от 18.07.2023) - https://aqlex.ai/kg/doc/178193

---

ЧОЛПОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

Чолпон айыл аймагынын айылдык кеңешинин Депутаттарынын VII чакырылышынын кезексиз IV сессиясы 2023-жылдын 18-июлу № 4/1 “Чолпон айыл аймагынын айылдык кеңеши” мекемесин түзүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 3-апрелиндеги ПЖ №85 “Нарын облусунун айыл аймактарынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жөнүндө” Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 4-апрелиндеги №87 Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 30-мартындагы №177 Айыл аймактарынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүлүп жаткан Кыргыз Республикасынын региондорундагы айыл өкмөттөрүнүн ишин уюштуруу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын штаттык саны жөнүндө токтомун, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 92-беренесин, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" мыйзамдарын, Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоонун тартиби жөнүндө Жобону ж.б. тиешелүү мыйзам актыларын жетекчиликке Чолпон айыл аймагынын айылдык кеңешинин Депутаттары токтом кылат:

1. Чолпон айыл аймагынын айылдык кеңешинин Жобосу жаңы редакцияда, тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Чолпон айыл аймагынын айылдык кеңешинни юридикалык дареги болуп, Кыргыз Республикасы, Нарын облусу, Кочкор району, Чолпон айылы, Ташы көчөсү, №26 болуп аныкталсын.

3. Мекеме Кыргыз Республикасынын иштөөдөгү мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Юстиция башкармалыгында мамлекеттик кайра каттоодон өткөрүлсүн.

4. Бул токтомдо көрсөтүлгөн маалыматтардын, ошондой эле мамлекеттик кайра каттоо үчүн тапшырылган документтердеги маалыматтардын аныктыгы ырасталат.

Төрага

Жумалы уулу Адил
