# Чолпон айылдык кеңешинин 2023-жылдын 29-июнундагы № 3/2 "Ара-Көл айылынын айыл башчысы кызмат ордун кароо жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Чолпон айылдык кеңешинин 2023-жылдын 29-июнундагы № 3/2 "Ара-Көл айылынын айыл башчысы кызмат ордун кароо жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 3/2
- Дата принятия: 29.06.2023
- Статус: Действует
- Редакция от: 29.06.2023
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/178191>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-14309/edition/1277474/ru>

> Текст приведён по редакции от 29.06.2023 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Чолпон айылдык кеңешинин 2023-жылдын 29-июнундагы № 3/2 "Ара-Көл айылынын айыл башчысы кызмат ордун кароо жөнүндө" токтому (ред. от 29.06.2023) - https://aqlex.ai/kg/doc/178191

---

ЧОЛПОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

Чолпон айыл аймагынын айылдык кеңешинин Депутаттарынын VII чакырылышынын кезектеги III сессиясы 2023-жылдын 29-июну № 3/2 Ара-Көл айылынын айыл башчысы кызмат ордун кароо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 30-мартындагы №177 “Айыл аймактарынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик аймактык реформа жүргүзүлүп жаткан КР региондорундагы айыл өкмөттөрүнүн ишин уюштуруу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын штаттык саны” жөнүндө Токтомуна ылайык Ара-Көл айылына айыл башчы кызмат ордун кароо тууралуу Чолпон айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы А. Боогачиевдин маалыматын угуп жана талкуулап Чолпон айыл аймагынын айылдык кеңешинин Депутаттары токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 30-мартындагы №177 Айыл аймактарынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик аймактык реформа жүргүзүлүп жаткан КР региондорундагы айыл өкмөттөрүнүн ишин уюштуруу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын штаттык саны жөнүндө Токтомуна ылайык Ара-Көл айылына айыл башчы кызмат ордун ачууга азыркы учурда Ара-Көл айылында мурапка айлык төлөнүп жаткандыктан жана Ара-Көл айылы чакан айыл болгондуктан Оро-Башы айылынын айыл башчысы Т. Сейталиев жетишип иш алып баруу жагы тапшырылсын.

2. Оро-Башы, Ара-Көл айылдарынын айыл башчысы Т. Сейталиевге эки айылдын ишин бирдей алып баруу жагы милдеттендирилсин, эгерде ишти алып бара албаса кадр маселесин кароо жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Э. Макишовго милдеттендирилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.

Төрага

Жумалы уулу Адил
